Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:50

“Манас” эпосун экрандаштыруу демилгеси пайда болду


Белгилүү демократ Топчубек Тургуналиев өлкө президенти Курманбек Бакиев, анын уулу Максим жана президенттик администрация башчысы Данияр Үсөнов менен биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго “Манас” эпосун экрандаштыруу үчүн атайын фонд түзүү жана ага ар бирин 25 миллион доллардан кошууга чакырды. Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, анын башкы максаты кыргыз элинин рухун көтөрүп, дүйнө элине кыргыз элинин патриот баатырын таанытуу жана азыркы учурда ындыны өчүп турган элди ынтымакка чакыруу. Ал эми фильмди тартууну кыргыз режиссеру Болот Шамшиев менен Голливуддун режиссеру Мел Гиббсонго тапшыруу жөндүү деген ойдо. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG