Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

Кабардин-Балкар: тирештин эпкини байкалабы?


Лиз Фуллер (Liz Fuller)

Лиз Фуллер (Liz Fuller)

22-декабрь күнү Орусиянын Конституциялык соту менен Башкы прокуратурасына Мамдуманын депутаты Михаил Залиханов жана анын 47 кесиптешинин колдору коюлган кат жолдонгон. Ал катта Кабардин-Балкар жумуриятынын жери талштуу болгондуктан мыйзамды кайра карап чыгуу талабы коюлган. Бул күндөрү дайын болгондой, мурда академик М. Залихановдун демилгесин кубаттаган депутаттардын ичинен отуз үчү өз ойлорунан кайтканы дайын болгон. Бул тууралуу “Эркин Европа жана Азаттык” үналгысынын серепчиси Лиз Фуллер (Liz Fuller) өз баяндамасында жазат.

Академик Залиханов жазган катта илгертеден балкар элине таандык жерлердин 80 пайызынан көбү федералдык мыйзам негизинде «айылдар аралык жерлер» ат менен колдон колго өтүүдө. Ал жерлерди Кабардин-Балкар бийлиги аукцион кылып беймөөнөт убакка сатуу болуп атат делинет. Маселен, 2003-жылы Кабардин-Балкар парламенти кабыл алган 12-РЗ жана 13-РЗ мыйзамдарына ылайык Нальчик шаардын карамагына Хасанья, Ак суу, Адиюх, Кенже айылдары кошулду деп айтылат. Залиханов “андыктан ал мыйзамды бузуу керек” деп талап коет.

Ырасмий маалымат боюнча балкарлар жумурият калкынын 11 пайызын түзөт. Кабардиндер 55 пайызын, орустар 27 пайызын түзөт. Ошондуктан колго сала келгенде кабардиндер утушууда дешет.

Кызык жери, мындай талап балкарлардын Жашы Улуулар Кеңеши (ССБН) уюму тараптан сунушталган экен. Кийин Мамдумага кат жолдогон КБР он бир уюму аларды «экстремисттик уюм» деп атаган. «Жер бүтүндөй жумуриятка таандык кабардин эли аны этникалк текке карап бөлдүртпөйт» - деп айтылат.

Нальчик бийлигинин таламын талашкан он бир уюмдун катынын дагы бир жеринде «байыртан келе жаткан кабардин жеринин эсебинен балкарлар өз жеринин энин кеңейтүү дымагы менен аракеттенүүдө. Андан соң алар танапташ карачайлар менен биригип Улуу Туран мамлекетин орнотууну самашат» - деп айтылат.

Аларга макул болгондор 90-жылдардын башында жумурияттын негизин түзүгөн эки эл бөлүнүп, бири Балкар Республикасы, экинчиси Кабардин Республикасы болуу чечимин кабылдашкан. Ошондо 1992-93-жылдары КБР Жогорку Кеңеши комиссия түзүп, ал Москва, Санкт-Петербург, Тбилиси, Владикавказ, Краснодар архивдеринен тийиштүү документтерди таап, ошонун негизинде кабардин жана балкар элдеринин жерлеринин чеги кайсы экенин тактап чыгышкан дешет.

Москвалык серепчилердин баамында, мындай чыр демейде федералдык жетекчиликке багытталат. Маселен, «Мурас» корунун серепчиси Евгений Волк буларды айтат:

- Канткен менен бул 1990-жылкы жагдайдын кайталана тургандыгын билдирүүдө. Ал жолу да көптөгөн аймактар борбордон эгемен болуу аракетин көрүшкөн.
XS
SM
MD
LG