Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салым үчүн сыйлыктар берилди


Президенттин жарлыгы менен “КР жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Искендербек Айдаралиев, “Даңк” медалы менен транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулайманов, “КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы Арстанбек Ногоевге, “КР маданиятаны эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы маданият жана маалымат министри Султан Раевге ыйгарылды. Мындан тышкары аймактарды өнүктүрүүгө көп жылдык эмгек сиңиргени үчүн сыйлыктар берилди. Мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Ноокен районунун акими Турдумамат Сагындыковго “Даңк” ордени, “КР өзүн-өзү башкарууга эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Турдуназир Бекбоевге, “КР калкты тейлөө тармагына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы Бишкек суу-канал башкармалыгынын башкы инженери Владимир Игнатенкого, “КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы Сузак районундагы “Файз” ассоциациясынын президентине ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG