Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Бюджеттин ачыктыгы боюнча Кыргызстан эң акыркы орундарда


Эл аралык бюджет өнөктөштүгүнүн “Бюджет ачыктыгынын индекси-2008” деп аталган иликтөөсү дүйнөнүн 85 өлкөсүндө жүргүзүлгөн. Анын ичинен Кыргызстан мамлекеттик бюджеттин ачыктыгы боюнча 72-орунда турат. Бюджеттин көлөмү, андагы каражаттын кайда, кандай максатта жумшалгандыгы тууралуу маалыматтарды Англия, Түндүк Африка, Франция, Жаңы Зеландиянын элдери 87-88% ачык ала алышат. Ал эми биздин коңшулаш Казакстандын бюджети карапайым калк үчүн 34% ачык. Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин ачыктыгы 8% гана түзүп, бекитилген бюджет, күнүмдүк эсеп-кысап, жылдык отчет гана элге жеткиликтүү экендиги аныкталган. Бюджеттин ачыктыгы боюнча Кыргызстанда иликтөө жүргүзгөн “Көз карандысыз укук коргоо тобу” кыргызстандыктар мамлекеттик бюджеттин долбоору менен таанышуу укугуна ээ эместигин, ал эми бюджеттик кайрылуу, жарандык бюджет, жарым жылдык бюджет дегендер таптакыр жазылбай тургандыгын белгилешет. Аталган топтун юристи Нурбек Токтакуновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча мамлекеттик бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөгөн аудитордук иликтөөнүн жыйынтыгы да карапайым эл үчүн жеткиликтүү эмес. Ушундан улам коомчулук өкмөттүн бюджеттеги каражаттарды кайда, кандай максатта сарптап жаткандыгын билишпейт. Бул болсо өкмөттүн карамагындагы маалыматтарды алуу тууралуу мыйзамга каршы келет, дейт юрист Нурбек Токтакунов.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG