Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Депутаттар “Манас” аскерий аба майданы тууралуу маселени талкуулоого кызыгышууда


Парламенттеги “Коммунисттер” фракциясынын төрагасы Исхак Масалиев бүгүнкү жыйында февраль айында талкууга алынуучу маселелердин катарына аскерий “Манас” аба базасы тууралуу маселени кошууну ЖК төрагасынан өтүндү. Анын сунушун “Ак Жол” фракциясынын өкүлү, эл аралык байланыш, парламенттик кызматташуу комитетинин жетекчиси Эрик Арсалиев да колдоду. Ал эми Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов аскерий “Манас” аба базасы жана Кумтөр алтын кенинин маселеси боюнча президенттин оюн түшүндүрүп берүүнү мамлекет башчынын парламенттеги өкүлү Камбаралы Конгантиевден суранды. Кумтөр алтын кени, аны иштетип жаткан канадалык ишканага байланыштуу маселени ЖК февраль айында карай турган маселелерге кошууну вице-спикер Кубанычбек Исабеков сунуштаган. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG