Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Саясий куугунтук жер-жерлерде күч алды


БЭКтин штабынан “Азаттыкка” маалымдашкандай бийликтин саясатына каршы болуп, оппозицияны колдогондорду куугунтуктоо эми жер-жерлерде күчөй баштады. “Ата Мекен” саясий партиясынын Оштогу, Аксыдагы координаторлоруна көрсөтүлүп жаткан кысым, “Ак шумкар” саясий партиясынын айрым активдүү мүчөлөрүн түрдүү кысымдар менен партиядан чыгууга мажбурлаган бийликтин аракеттери уланып жатат, деп билдирет БЭКтин саясий куугунтуктан коргоо комитетинин жетекчиси Топчубек Тургуналиев. БЭКтин лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун айтуусунда азыркы бийликке элдин нааразылыгы күчөп, карапайым калктын арасынан оппозицияны кубаттагандар күчөгөн сайын Акүй элди күч органдары менен коркутууга өттү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG