Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:25

К. Осмоналиев: Диний чыр-чатакты ырбатууга шыктуу адамдардын пайда болушу кооптондурууда


Коопсуздук кеңешинин өткөн аптадагы жыйынында өлкөдөгү диний экстремизмге каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиев диний экстремизмге байланышкан өлкөдөгү кырдаал тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Өткөн аптадагы жыйынга сиз дагы катышып, ал жерде маалымат берген экенсиз, анда диний экстремизмдин учурдагы абалына кандай баа берилди?

- Коопсуздук кеңешинин атайын отурумуна облустун губернаторлору жана бир топ күч структурасындагы министрлер катышышты. Жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Мурат Суталинов, ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жана мен баяндама жасадым. Негизинен диний экстремизмге каршы туруу, диний араздашуулар, дин тутууга жана динге ишенүүгө киришпөөчүлүк, аларды түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча чоң кеңешме болду. Натыйжада облусттардын жана райондордун башчыларына, күч структураларга жана бизге бир топ катуу тапшырмалар болду.

- Бул маселеде бийлик азыр кооптуу деп кайсы маселени эсептеп атат?

- Негизинен диний экстремизмге каршы туруу, жөнөкөй калктын ичинде исламдын болобу, башка диндердин болобу чыныгы баалуулуктарын адекваттуу түрдө жайылтуу, жеткирүү. Мисал үчүн мындай иш чаралар алдын алынды, радикалдык экстремисттик көрүнүштөрдү табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча буга чейинки жасаган иштерди дагы жигердештирүү боюнча жана динийчилик саясатты күчөтүүгө шыктуу адамдар менен чечкиндүү иштерди алып баруу боюнча. Айрыкча азыркы учурдагы диний билим берүү системасын түп тамырынан бери өзгөртүү, башкача айтканда диний билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу маселеси турат. Мына биз жаңы мыйзам долбоорун даярдап койдук, буюрса ушул жуманын аягында талкууга коебуз.

- Диний экстремизмге каршы күрөштө мамлекеттик жана диний уюмдар ортосунда кызматташтыкты чыңдоо маселеси да көтөрүлгөн эле. Ушул боюнча жаңы багыттар белгилендиби?

-Ооба, белгиленди. Негизинен дин уюмдары менен мамлекеттин ортосундагы мамиле кечээ жакындагы кабыл алынган, президент кол койгон жаңы дин мыйзамынын негизинде боло турган болду. Негизинен сөзсүз түрдө дин уюмдары менен мамлекеттин ортосундагы мамиле жалаң гана мыйзам чегинде, анан динди туткан адамдардын өзүнүн ыктыярдуулугун, өздөрүнүн эркиндигинен ажыратпоо принциптеринин негизинде боло турган көрүнүш.

- Дин жөнүндөгү жаңы мыйзам ишке кирди. Бул мыйзам буга чейин бир топ нааразычылыктарды жаратып, эл аралык уюмдар дагы кайрылбадыбы президентке. Каттоо маселесинде мурдагы мыйзам менен иштеп аткан диний уюмдарды жаңы мыйзамга кайра ылайыкташтыруу жагы кандай болуп жатат?

- Мыйзам өзү алдын ала көздөй иштейт. Буга чейинки каттоодон өткөн диний уюмдарга эч кандай кийлигүүшү болбойт.

- Бизде укук коргоочулар азыр диний эсктремизмге жамынып алып күч кызматтары кысым көрсөтүп атат деген дооматтарды коюп келип атышпайбы. Ушундай кепке калбаштын бир аргасы барбы, же ушундай сөздөр эмне себептен пайда болуп атат сиздин оюңузча?

- Баардык диний уюмдар жана диний миссионерлер, алардын лидерлери өздөрүнүн диний иштерин ачык-айкын, элдин маанайына туура келгендей кылып жүргүзүш керек. Мен башында айтпадымбы, айрыкча диний чыр-чатакты күчөтүүгө шыгы бар адамдардын пайда болушу чынында эле азыр чоң кооптуу нерсеге алып келип атат. Ар бир адам граждандык болобу, диний уюмда болобу, өзүнүн укугунан башка милдетин дагы сезе билиш керек.

- Маегиңизге рахмат
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG