Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

БЭК: Саясий куугунтук жер-жерлерде да күч алды


БЭКтин лидерлеринин бири И. Исаков 1938-жылдагы Сталиндин куугунтугу азыр четте эле калып калды дейт
БЭКтин лидерлеринин бири И. Исаков 1938-жылдагы Сталиндин куугунтугу азыр четте эле калып калды дейт

Бириккен элдик кыймылдын лидерлери оппозицияны колдогон кыймылдын жер-жерлердеги активдүү өкүлдөрүнө жана алардын жакындарына дагы укук коргоо органдары тарабынан куугунтук күч алып баратканын билдиришүүдө.

Бириккен элдик кыймылдын активдүү мүчөсү, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын баш катчысы Исмаил Исаковдун айтымында, бүгүн БЭКтин саясий бюросунун айрым мүчөлөрү чогулушуп, кыймылдын алдыдагы иш-пландарын талкуулашты. Анда кыймылдын мүчөлөрүнө берилген тапшырмалардын аткарылышы, уюштуруу маселеси каралган.

Исмаил Исаков БЭК февраль айындагы иш чараларын жашыруун, жабык өткөрүшөрүн, кыймылдын иши тууралуу алдын ала маалымат берилсе укук коргоо органдары тарабынан ар кандай бут тосуулар болуп, жер-жерлердеги мүчөлөрүнө саясий куугунтук күч алганын кошумчалады.

-Биринчиден аларга куугунтук болууда. Экинчиден аларды кармап алып коркутуп,сабап, же болбосо алдап, же алардын ага-туугандарына кылмыш ачып, кылмышкерлердей мамиле жасалып жатат. Баягы 38-жылдагы Сталиндин куугунтугу азыр четте эле калып атат.

БЭКтин лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов азыркы бийликке элдин нааразылыгы уламдан-улам күчөп, карапайым калктын арасынан оппозицияны колдогондордун саны күн санап арбып бараткандыганан улам бийлик күч органдары аркылуу жер-жерлерде коркутууга өткөнүн белгиледи.

Саясий куугунтуктоого каршы комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев болсо “Ханды кудай ураарда, калкы менен кас болот” - деген макалды эске салып, өлкө башчысы Курманбек Бакиев мурдагы президент Аскар Акаевдин кетирген каталарын эки эсе кайталап, элдин нааразылыгын туудуруп жатат деген ойдо. Анын айтымында, аталган комитет жер-жерлерде саясий куугунтукка алынган атуулдарды улутуна, жынысына, социалдык абалына карабай коргоого алып, аларга укуктук колдоо көрсөтөт.

Топчубек Тургуналиев ошондой эле 26-январда Караколдо БЭКтин мүчөсү Эмилбек Каптагаевге байланыштуу сотто аталган комитеттин таасири бир топ тийгенин айтты:

- Биздин комитеттин мыйзамдуулукту коргоого түздөн-түз таасири тийди. Себеби дегенде, сот Э.Каптагаевди чакырып алып мыйзамсыз нерселерди айтып жаткандан кийин биздин комитеттин кийлигишүүсү менен сотко ишеним көрсөтпөө болду.

Топчубек Тургуналиевдин жана башка оппозиция мүчөлөрүнүн саясий куугунтук күч алды дегенине Жогорку Кеңештин коргонуу, коопсуздук, тартип коргоо жана сот-укуктук реформа боюнча комитетинин төрага орун басары Асанбек Байтиков макул эмес:

- Оппозиция кыйкырып жүргөн, кыйкыра беришет. Туура эмес нерселерди айта беришет. Эгерде бир оппозиционер бир жерде кылмыш кылып, же салык жашыргандыгы үчүн кылмыш иши ачылса бул куугунтук болуп саналбайт да. Мыйзамды бузган киши жооп бериши керек. Конституция бардыгына бирдей.

Байтиков ошондой эле, эгерде оппозиция саясий куугунтук болуп жатканы тууралуу далили болуп парламенттин коргонуу, коопсуздук боюнча комитетине кайрылса, ал маселени мыйзамдын чегинде карап чыгышаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG