Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Ысык-Көл облустук гезити менен телерадиокомпаниясына маданият жана маалымат министрлиги каражат бөлбөй атат


Мамлекеттик гезит, телерадиолор быйыл маданият жана маалымат министрлигинин карамагына өткөнү аларды каржылоо маселеси чечилбей атат. Облустук “Ысык-Көл кабарлары” гезитинин башкы редактору Абдыжапар Эгембердиевдин айтуусунда, жумасына 2 ирет чыкчу гезит, азыр бир гана жолу жарыкка чыгууда. Анткени редакция “Мастер принт” жана “Дархан” аттуу менчик басмаканларга 380 миң сом карыз. Анын 190 миңин “Вести Иссык-Куля” гезити төлөш керек. Карыздардын өсүп кеткен себеби - каржы министрлиги өткөн жылкы бөлүнгөн акчаны да берген эмес. Ал эми облустук телерадиокомпанияга айлык акыдан башка каражат келе электигин төрага Турганбек Жунушалиев ырастады. Маданият жана маалымат министрлигинен Кадырбек Абдыраев болсо өкмөт токтом чыгармайынча каржылоо маселесин чечүү мүмкүн эместигин түшүндүрдү. (RB)

XS
SM
MD
LG