Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

«Ак жол» партиясынын Нарын шаардык конференциясы өттү


Партиянын Нарын шаардык баштапкы бөлүмдөрүнүн бириккен конференциясына 119 делегат катышкандыгы жарыяланды. Нарын шаарындагы №7 орто мектептин жыйындар жайында өткөрүлгөн конференцияда партиянын шаардык бөлүмүнүн координатору Улан Мурадилов партия мүчөлөрүнүн саны 1800гө жеткендигин, өткөн жылда ар кандай 18 кайрымдуулук акциялары өткөрүлгөндүгүн билдирди. Конференцияда Нарын шаарынын 2009-2012-жылга өнүгүүнүн долбоору тууралуу маалыматты Нарын шаар мериясынын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Эсентур Өмүралиев жасады. Конференциянын ишине шаар мэри Алмаз Кулматов, Жогорку Кенештин депутаты Нарынбек Молдобаев катышты. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG