Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Жалал-Абат облусунун эки тургуну Өзбекстанда кармалууда


Тышкы иштер министрлигинин облустагы өкүлү Замир Садировдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, чегара кызматынын отставкадагы полковниги Кыргызалы Атантаев ушу тапта Наманган облустук улуттук коопсуздук кызматында кармалып турат. Атантаевди 22-январда өзбек чегара кызматында иштеген Өктөм аттуу досу мейман болуп кетүүгө чакырган. Эки досу менен Өзбекстандын Үч-Коргон шаарындагы кафеде олтурганда Атантаевди Наманган облустук улуттук коопсуздук өкүлдөрү кармап, «Нексия» автоунаасына салып кетишкен. Азырынча аны жана автоунаасы менен өзбек чегарачылары алып кеткен Камалдин Атагелдиевдин кандай жүйөө себептер менен кармалып турганы тууралуу маалыматтар жок. Атагелдиев чек арадан 15 метр ичкери турса да Ханабат чегара бекетинин жоокерлери өтүп келишип, ал жерге коюлган зым тосмолорду уурдагансын деп, Сузак районундагы Жаңы-Жер участкасынан 12-январда кармап кетишкен. ТИМдин өкүлү Замир Садировдун айтымында, учурда аларды бошотуп алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүүдө.(YA)

XS
SM
MD
LG