Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:06

Тажикстан ар дайым Орусиянын кыйышпас шериги саналчу. Ошондуктан ушул аптада тажик президентинин көз-көрүнөө Москва сапарынан баш тартышы эки ортодо алака бир топ эле начарлап кеткендигинен кабар берет. Эмомали Рахмондун Москвадагы маанилүү жыйындарга келбей калышынан мурда Орусия менен Тажикстандын ортосунда Борбор Азиядагы суу маселесине байланыштуу ыйкы-тыйкы абал түзүлгөн эле.

Президент Эмомали Рахмондун ушул аптада Москвага барбай калышын тажик өкмөтү электр кубатынын тартыштыгына байланышкан оор кризис менен түшүндүрдү. Бирок өткөн айда эле орус президентинин Өзбекстанга сапарынан кийин Москва менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы салттуу ынак мамилеге жарака кеткени белгилүү.

Тажикстандын саясий баяндамачы Рашид Ганинин "Азаттыкка" билдиришинче, тажик президентинин Москвага барбай тургандыгын мурдатан пландалган сапардын так алдында жарыялашы суу байлагына байланышкан тирешке түздөн-түз байланышы бар:

– Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы башкы проблема - Ронгус Гэси жана башка энергетикага байланышкан маслелерге барып такалаарында күмөн жок. Эки тарап бул маселелерде мунасага келишкен жок, ансыз президенттин Москвага барышынан эч кимге эч кандай пайда болбойт.

Мурдагы план боюнча, Эмомали Рахмон Москвага 2-февралда бармак. Анда 2 күн калып, Биргелешкен Коопсуздук келишим уюмунун жана Евразиялык Экономикалык жамааттын 4-февралдагы чоң жыйындарына катышмак.

Бирок анын аралыгында, орус президенти Дмитрий Медведев Өзбекстанга келип, Орусия аймактагы бардык жумурияттардын кызыкчылыктары эске алынбаган энергетика долбоорлоруна катышпайт деген билдирүү жасаган. Муну тажик бийликтери Москва Өзбекстанга жан тартып жатат деп түшүндү. Мындан көп өтпөй, Тажикстандын тышкы иштер министри башка өлкөлөрдүн каршылыгына карабастан, тажик өкмөтү гидро-электр долбоорлорун улантат деп жарыялады.

Ал ортодо президент Рахмон Ирандын мамлекет башчысы Махмуд Ахмединежадга телефон шыңгыратып, энергетика жана коопсуздук жаатында сүйлөштү. Айрым маалыматтарга караганда, Рахмон келерки апталарда Тегеранга расмий сапар менен бармакчы. Тажикстанда маалымат каражаттары ошондой эле 3-февралда Дүйшөмбүгө Ирандын соода, коргонуу министрлери, аларга кошулуп, энергетика министринин орун басары келе жаткандыгын жазышты.

Иран соңку жылдары Тажикстанга бир катар долбоорлорго акча салды. Өлкө Тажисктандын башкы ГЭСтеринин бири болгон Сангтуданын башкы акция кармоочусу. Иран ошондой эле Тажикстандын түштүгүн түндүгү менен бириктирүүчү кан жолго жана тоо өткөөлдөрүнө 30 миллион доллар сарптады.

Иран менен маданий алакалар да өрчүп жаткан кез. Тажикстандын жогорку окуу жайларына барсаңыз, Иранда чыккан китептер, гезит-журналдар менен таанышып, интернет сайттарды окуй турган Иран бөлмөлөрү бар. Тажикстандан мугалимдер, дарыгерлер жана башка адистер Тегеран өкмөтүнүн эсебинен Иранга барып, ар кыл машыгуудан өтүп турушат. Ал эми Орусия тескерисинче, акыркы жылдары Тажикстандагы бир нече ири долбоорлордон чыгып алды.

Байкоочулардын көбү Ирандын Орусия менен алакасы жакын экендигин, ошондуктан Тегеран Москваны таарынтып ала турган иштерге оңой менен барбай тургандыгын белгилешүүдө:

Шакиржан Хакимов - дүйшөмбүлүк саясий баяндамачы:

- Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстандын ортосундагы суу сыяктуу стратегиялык маселеде чыр чыкса, Иран нейтралдуу калып, же Орусиянын эле таламын талашат.

Анын үстүнө Тажикстандан бир миллиондой киши жылына Орусияда сезондук иштерде иштейт, эгер алар мекенине жапырт кайта баштаса, Тажикстандагы кризис ого бетер курчуурунда шек жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG