Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

Индия МАГАТЭ менен макулдашууга жетишти


Индия Эл аралык өзөктүк кубат боюнча агенттик менен өзөктүк жайларын текшерүүлөр тууралуу макулдашууга жетишти. Ага ылайык, Индия МАГАТЭнин инспекторлору үчүн 2014-жылга чейин өзүнүн 22 реакторунун он төртүн ачат. Өткөн жылы сентябрда өзөктүк отун өндүргөн 45 өлкө Индияга киргизилген чектөөлөрдү алып салууга макул болушкан. 1974-жылы Дели алгачкы жолу өзөктүк курал сыноосун өткөргөндөн кийин АКШ Индия менен атомдук тармакта соода жүргүзүүгө тыюу салган. Чектөөлөрдү алып салуунун бир шартына ылайык, Индия Эл аралык өзөктүк кубат боюнча агенттик менен макулдашуу түзүшү керек болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG