Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:26

Президенттин Москвадагы иш сапары башталды


Президенттик администрациядан алынган маалымат боюнча мамлекет башчы Курманбек Бакиев Москвага түндө учуп кетти. Президент Орусияга эки күндүк иш сапары учурунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна Орусия берүүнү убада кылган 1 млрд 700 млн доллар, мамлекеттик бюджетке берилүүчү 300 млн доллар карыз жана 150 млн доллар грант түрүндөгү каражат боюнча келишимдерге жетишүү аракети болууда. Мындан тышкары “Дастан” АКнын 48% акциясы үчүн Кыргызстандын 180 млн доллар карызын кечүү тууралуу да келишимге жетишүү жакын экендиги айтылып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Асейин Исаев “Азаттыкка” билдирген.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Курманбек Бакиев ошондой эле 4-февраль күнү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кеңешинин сессиясына жана ЕврАзия экономикалык шериктештик уюмунун мамлекеттер аралык кеңешинин мамлекет башчылары деңгээлинде өтө турган кезексиз жыйынына катышат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG