Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Борбор Азиядагы чегара маселелери талкууга алынууда


Борбор Азиядагы чегара көйгөйлөрүнө арналган үч күндүк жыйын бүгүн Бишкекте “Хаятт” мейманканасында башталды. Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстандан тышкары Германия жана АКШдан келген 50дөн ашуун адистер, талдоочулар катышууда. Жыйында чегара коопсуздугу, бул жааттагы кызматташуу тууралуу маселелер талкууга алынмакчы. Мындан тышкары жыйындын катышуучуларына чегараларды башкаруунун комплекстүү системасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Улуттук стратегиясынын долбоору менен таанышып, “Ак Жол” чегара бекетине барышат. Эл аралык Маршалл корунун Борбор Азиянын чегара коопсуздугуна арналган мындай жыйыны Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG