Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

3-февраль: Тарых барактары


Фрунзе шаарында (Бишкек) 1956-жылдын 3-февралынан тарта көп кабаттуу үйлөргө колдончу бетон плита чыгарыла баштаган.

Фрунзе шаарында (Бишкек) 1956-жылдын 3-февралынан тарта көп кабаттуу үйлөргө колдончу бетон плита чыгарыла баштаган.

Кыргыз автономиялык областтык кылмыш тинтүү органы 1926-жылдын 3-февралында тармактык музейди ачуу туурасында чечим кабыл алган. Фрунзе шаарында орун алган темир бетон иштетүү ишканасы 1956-жылдын 3-февралында көп кабаттуу үйлөргө колдончу бетон плитаны чыгарган. Дүйнөдөгү эң кымбат газета 2005-жылдын 3-февраль күнү Кытайда чыгарылган.

Түркстан Республикасынын Борбордук Аткаруу комитети 1920-жылдын 3-февралында качкын кыргыздарга жардам көрсөтүү туурасында токтом кабыл алган. Түркстан Республикасынын бийлик органы, 1916-жылкы көтөрүлүш айынан мекенин таштай качкан кыргыздардын кайра өлкөсүнө кайтып келишин кубаттап, аларга колдоо көрсөтүү чарасын белгилеген.

Кыргыз автономиялык областтык кылмыш тинтүү органы 1926-жылдын 3-февралында тармактык музейди ачуу туурасында чечим чыгарган. Кылмыш тинтүү органы кылмышкерлер колдонгон ачкыч, кастет сыяктуу уруулук кесиптин куралдарын музейге жайгаштырууну пландаштырган.

Сталиндик кандуу террор маалында Кыргызстандын НКВДсын жетектеп турган Лоцманов, 1939-жылдын 3-февралында камакка алынган. Ушул эле жылдын август айында ал «тыю салынган ыкмаларды колдонуп, революциялык мыйзамдуулукту бузган» деген беренеге ылайык атылып кеткен. Лоцмановго Кыргызстан КП БК (б)нын мурдагы биринчи секретары М. К. Аммосовго, Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешинин мурдагы төрагасы Б. Д. Исакеевге ж.б. каршы ыплас тергөө ыкмаларын колдонгон деген айып коюлган. Кыргызстан НКВДсын Четвертаков жана Лоцманов жетектеп турган маалда бейкүнөө кыргызстандыктардын каны суудай аккан. Архивдик маалыматтарга караганда Четвертаков менен Лоцмановдордун маалында НКВД органы 7610 кыргызстандыкты камап, алардын көбү атылып, калгандары адам чыдагыс кыйноону башынан кечиришкен.

Фрунзе шаарында орун алган темир бетон иштетүү ишканасы 1956-жылдын 3-февралында көп кабаттуу үйлөргө колдончу бетон плитаны чыгарган. Советтик үй курууда кеңири колдонулган бетон плиталарды чыгарылышы менен Фрунзе шаарынын архитектурасы аныкталган. Көп кабаттуу үйлөр жалаң бетондон салынып, борбор шаарда кичи райондордун курулушу тездетилген.

Китеп басууну ойлоп чыккан жана Европанын биринчи типографы, немец тапкычы Иоганн Гутенберг 1468-жылдын 3-февралында дүйнөдөн кайткан.

Америкадагы биринчи кагаз акчалар 1690-жылдын бул күнү Массачусетс шаарында чыгаралган.

Баш кошкон жаш жубайларга музыкалык бата берген айтылуу композитор Феликс Мендельсон-Бартолди 1809-жылдын 3-февралында жарык дүйнөгө келген.

Россия ичиндеги таможняларды жойгондугунунун урматына деп, орус көпөстөрү 1754-жылдын 3-февралында Император Елизаветтага 56 карат салмактагы бриллиантты тартууга беришкен

Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу комитети 1918-жылдын 3-февралында падышалык Россия менен Убактылуу өкмөттүн 60 миллиард рубль көлөмүндөгү карызын жокко чыгарган Декрет кабыл алган.

Француз химиги Нгуен Бу Хои 1957-жылдын 3-февралында тамеки түтүнү рак оорусун козгой тургандыгын билдирген.

Дүйнөдөгү эң кымбат газета 2005-жылдын 3-февраль күнү Кытайда чыгарылган. Гуандунь провинциясынын Шэньчжэнь шаарында жарык көрчү «Economic Daily» газетасынын материалдпры бул күнү алтын барактарга басылган. Газетанын саны «Гүлдөгөн Кытайдын мезгили» аталып, анда Кытай Элдик Республикасынын мыйзам чыгаруу жыйынынын кийинки жылдардагы ишкердиги чагылдырылган. Газета «коллекциялык» жана «люкс» басылыш варианттында ар бири 36 экземпляр менен чыгарылган. «Коллекциялык» басылыштын ар бир газетасына 500 грамм алтын, «люкс» басылмага 200 грамм алтын сарпталган. Газетанын ар бир варинты 8100 жана 3500 америка долларына сатылган.

XS
SM
MD
LG