Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:05

Президент менен кошо Москвага бир катар өкмөт мүчөлөрү да барышты


Президенттик басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Орусияга иш сапары учурунда мамлекет башчыны премьер-министр Игорь Чудинов, каржы министри Марат Султанов, экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров, коргоо министри Бактыбек Калыев, тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев, КМШ жана Евразия Экономикалык шериктештигиндеги президенттин өкүлү Эмилбек Узакбаев жана президенттик катчылыктын жетекчиси Оксана Малеваная коштоп жүрөт. Булардан тышкары “Түндүк электро” АКнын жетекчиси Сапарбек Балкыбеков жана бир катар маалымат каражаттарынын журналисттери бар.
Президенттин Орусияга эки күндүк иш сапары учурунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна Орусия берүүнү убада кылган 1 млрд 700 млн доллар, мамлекеттик бюджетке берилүүчү 300 млн доллар карыз жана 150 млн доллар грант түрүндөгү каражат боюнча келишимдерге жетишүү аракети жана “Дастан” АКнын 48% акциясы үчүн Кыргызстандын 180 млн доллар карызын кечүү тууралуу да келишимге жетишүү мүмкүн экендиги айтылган. Мындан тышкары коргоо министри менен бирге мамлекет башчы 4-февраль күнү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кеңешинин сессиясына катышмакчы.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG