Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Иран туңгуч жасалма жандоочусун учурду


Өлкөнүн мамлекеттик жаңылыктар агенттигинин билдиргенине караганда, жасалма жандоочусун орбитага жергиликтүү өндүрүштөгү "Сафир" деген ракетанын жардамы менен ийгиликтүү чыгарылды. Жасалма жандоочунун учурулуусу ислам ыңкылабынын Иранда азыр майрамдалып жаткан 30 жылдык мааракесине туш келди. Мамлекеттик теледен көргөзүлгөндөй, президент Махмуд Ахмадинеджад "Үмүт" деп аталган жасалма жандоочуну учурууга белгисиз жерден телефон аркылуу буйрук берди.

Батыш өлкөлөрү уран байытуу программасы өзөктүк курал жасоого багытталган деп шектегендиктен Иранга каршы Улуттар уюму буга чейин бир нече санкция киргизген. Жасалма жандоочуну орбитага алып чыгуучу технология аскерий максатта да колдонулат. Бирок Иран мындай планы жок экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG