Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:19

Аялдарды уруп-сабаганга шарият уруксат берген деп бүгүнкү күнү жар салган муфтият кызматкерин Акыйкатчы сынга алды жана бул маселеге прокуратура тармагы көңүл буруусун талап кылды. Кырдаал коомчулуктун да бүйрүн кызытууда.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, “Лица” гезитинин соңку номурунда Кыргызстан мусулмандар муфтийинин кеңешчиси Юсур Ломанын кеңири маеги жарыяланган. Анда муфтий кеңешчиси эгерде аялы ала жипти аттаса, ал турсун күйөөсүнүн сөзүн укпай, тилин албай койсо да – күйөөсү аялын уруп-сабаганга шарият уруксат бергендигин жарыя салат. Оболу эскертиш керектигин, ага болбосо анан кол көтөрүү шариятка туура келерин Юсур Лома белгилей кеткендиги айтылат аталган маалыматта.

Андан ары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акун “Лица” гезитине жарыяланган муфтий кеңешчисинин ошол маегин – аялдарга, үй-бүлөгө зомбулук көрсөтүүгө чакырык катары баалагандыгы баса белгиленет.

Биз оболу, Акыйкатчы Турсунбек Акундун өзүнө кайрылып, мындайча тастык-жооп алдык:

- Андай нерсе Куранда жазылса дагы, биз Курандын жолу менен жашап жаткан мамлекет эмеспиз да. Демократиялык, укуктук мамлекет курабыз деп жатпайбызбы. Биз Конституция менен, мыйзамдар менен, дүйнөлук, эл аралык нормалар менен жашап атпайбызбы. Алардын баарында аялды уруу, күч колдонуу – коомго каршы иш катары бааланып жүрбөйбү. Жанагындай нерселерди маалымат каражаттарында айтуу, үгүттөө - эң коркунучтуу нерсе!

Турсунбек Акун ансыз деле бүгүнкү күнгө чейин аялын уруп-сабаган фактылар Кыргызстанда кезигерин да кепке кошуп өттү.

Ал эми Кыргызстан мусулмандар муфтийинин кеңешчиси Юсур Лома маселеге байланыштуу бизге мындайча түшүндүрмө берди:

- Куран сүрөөлөрүн талдаганбыз анда. Анан мен Куранда, тактап айтканда, 34-аятта аялдарга байланыштуу ошондой нерсе бар экендигин айткам. Айтуу менен эле мен бардык эркектерди аялдарын уруп-сабоого чакырганы жокмун да. Куранда бар ал нерсе. А Куран – Кудайдын сөзү! Менин сөзүм эмес. Ошол эле кезде ислам ушунчалык толеранттуу! Аялдар жөнүндө Куранда арбын дагы, ар түрдүү дагы айтылган. “Бейиш – аялдын аяк алдында жатат” деген сөздө эле кандай улуу маани жатат! Бул жерде бири-бирибизди түшүнбөстүк эле болуп жатат. Аялдарга зомбулук көрсөтүүгө чакырган эч ким жок бул жерде.

Жазуучу жана журналист Кален Сыдыкаванын пикири боюнча, чакырык таштоонун көп түрү, анын ичинде тымызын түрлөрү да бар. Муфтий кеңешчиси Юсур Ломанын айткандары – так ошондой чакырык.

Ал эми белгилүү мусулман дин ишмери Дилмурат-ажы Орозов да Куранда аялдарды урганга уруксат берген аят бар экендигин баса белгилеп айткан менен, анын бир канча себеби жана талап-тапшырмасы кошо жазылгандыгын кеп кылды:

- Биринчи эскерткиле дейт, ага кулак салбаса жатаар жайыңарды бөлүп алып – алыстагыла дейт, ага дагы кулак салбаса анан ургула дейт. Бирок урганда – кандай уруш керек? Анын да жолун көрсөтөт. Тиш жуугуч щётканын сабынчалык таяк менен билегине ургула дейт. Башы-көзүн жарып же көгөртүп, денесине жаракат апкелүү – шариятта арам эсептелет!

Дилмурат-ажы Орозов Курандын аялдарга байланыштуу бул сүрөөсүн азыр так кайталап жарыя кыла берүүнү – билимсиздик катары эсептейт.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG