Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Кыргыз саясатчылары Манастагы авиабазынын жабылышы жөнүндө


Президенттин Манас аба майданынан АКШнын аскерий базасын чыгаруу тууралуу билдирүүсү, мамлекеттин ички жана тышкы саясатындагы баш аламандык, туура багыттын жоктугунун далили. Муну менен Кыргызстандын эл аралык саясий аренадагы кадыр-баркына доо кетет, деп билдирди “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору, экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка”. Президент Бакиевдин мындай чечимин өтө чоң катачылык деп эсептеген Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов, АКШнын аскерий аба базасынын чыгарылышы жеке эле Кыргызстандын коопсуздугуна эмес жалпы Борбордук Азиянын коопсуздугуна коркунуч туудурат деген көз карашта. Манас аба майданынан аскерий аба базаны чыгаруу маселесин буга чейин парламенттеги Кыргызстан коммунисттери фракциясынын лидери Искак Масалиев, “Эрк” партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир “кабыргасынан” коюп келишкен эле. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG