Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

АКШ базасы боюнча чечим оппозициянын сынына кабылды


Президент Бакиев кыргыз өкмөтү өлкөдөн АКШнын аскерий базасын чыгаруу тууралуу чечим кабыл алганын жарыялады. Айрым серепчилер бул чечимди өлкөнүн тышкы саясатындагы чоң катачылыгы катары баалоодо.

Орус-кыргыз президенттеринин Кремлдеги кечээки жолугушуусунан кийин эки өлкө башчылары Дмитрий Медведев менен Курманбек Бакиев маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин бир катар суроолоруна жооп беришти.

Анда президент Бакиев кыргыз өкмөтү "Манас" аба майданынан АКШнын аскер базасын чыгаруу чечимин кабыл алганын айтты:

- Бул чогулган проблемалардын баары коомчулукта терс пикирлерди жаратып, эл "базанын Кыргызстандын аймагында туруусунун жөнү барбы?" - деген жүйөөлүү суроону көптөн бери коюп келатат. Жакында кыргыз өкмөтү Кыргызстандын аймагынан аскерий базанын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу чечим кабыл алды. Мындан ары өкмөттүн токтомуна ылайык ал базаны чыгаруу иш чарасы жүргүзүлөт.

Президенттин мындай билдирүүсү дароо эле кыргыз оппозициясынын сынына кабылды. Маселен, "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бул чечим мамлекеттин ички жана тышкы саясатында туура багыттын жоктугун далилдеп, Кыргызстандын эл аралык саясий аренадагы кадыр-баркына шек келтирээрин айтат:

-Бул дагы өлкөдөгү ички жана тышкы саясаттагы болуп жаткан баш аламандык. Бул маселе улуттун кызыкчылыгына пайдасы болобу, же зыяны тиеби? База боюнча келишимдерди дыкат карап, таразалап анан айтыш керек болчу. Бирок бийликтин тез арада мындай чечимге келгени биздин мамлекетке пайда алып келбейт, деген ойдомун. Бул чечим Кыргызстанга эл аралык алкакта саясий аброй алып келбейт. Жеке Бакиевге дагы саясий аброй алып келбейт. Азыркы бийликке карата мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт.

АКШнын аскерий аба базасын Кыргызстандын аймагынан чыгаруу маселесин буга чейин парламенттеги Кыргызстан коммунисттери фракциясынын лидери Искак Масалиев, ЭрК партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир уулу да “кабыргасынан” коюп келишкен эле.

Турсунбай Бакир уулу "Манастагы" авиабазанын Кыргызстанга зыяндан башка пайдасы жок деген көз карашта:

- 2001-жылы АКШнын аскерий базасы Кыргызстанга жайгаштырылбасын деп Жогорку Кеңеште 5-6 депутат каршы чыкканбыз. Биз азыр Америка баланча доллар төлөп жатат, бул жерде кала берсин деп кызыкпашыбыз керек. Бул жерде моралдык-саясий зыяндар өтө эле көп болуп жатат. Мына мусулман өлкөлөрүнүн бардыгына жаман көрүнүп бүттүк. Ооганстанда согуш бүтүп, батыш тарап өзүнүн каалаган президентин алып келишти. Согуш бүтсө дагы Ооганстанда аскерлерин кармап турушат. Ал жерде бомбанын астында кары-картаңдар, аялдар, жаш балдар, кача албаган майыптар жан таслим болуп жатышат. Бен Ладенди өлтүрөбүз дешти, анын өлүгүн аликүнчө эч ким көргөн жок.

Турсунбай Бакир уулу Канттагы орусиянын аскерий аба базасынын жайгаштырылышына дагы каршы пикирин билдирип, Кыргызстан аймагында эч кандай аскерий күчтөр жайгашпаган бейтарап мамлекет болушу керек, дейт.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун баамында, АКШнын аскерий базасын чыгаруу жеке эле Кыргызстандын коопсуздугуна эле эмес, жалпы Борбордук Азиянын коопсуздугуна коркунуч туудурат.

-Эртең эле Ооганстандан жалгыз эле Кыргызстанга эмес, жалпы дүйнө жүзүнө наркоагрессия келет. Тероррчулук келет. Бизге керекпи ошол? Менимче, авиабазаны кетире турган болсо, Кыргызстандын коопсуздугуна, Кыргызстандын келечегине чоң коркунуч алып келет. Президенттин мына ушундай чечим кылганы, бул өтө чоң катачылык деп эсептейм.

Эки күн мурда иш сапары менен Бишкекке келген НАТОнун башкатчысынын Борбор Азия жана Кавказ боюнча атайын өкүлү Роберт Симмонс да Кыргызстан “Манастагы” аскерий аба базасын чыгарып жиберсе абдан өкүнүчтүү иш болорун белгилелеген эле.

19-январда АКШнын борбордук командачылыгынын башчысы генерал Девид Петреус Кыргызстандагы сапарында коргоо министри жана премьер-министр Игор Чудинов менен жолугушуудан кийин, кыргыз тараптан "Манас" аба майданынан авиабазаны чыгаруу тууралуу маалымат каражаттарында айтылган сөздөргө негиз жок деген жооп алганын билдирген болчу.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы келишимге ылайык, кыргыз бийлигинин АКШнын аскер аба базасын чыгаруу боюнча чечими Жогорку Кеңеште тастыкталган соң, аскер аба базасы алты ай ичинде өлкөдөн чыгарылышы керек.

XS
SM
MD
LG