Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын өткөн аптада Давосто өткөн форумда Израилдин президенти Шимон Перез менен кайым айтышып, форумдан кетип калышы Түркияда ушул күндөрү да кызуу талкууланууда. Айрымдары Эрдогандын аракеттерин колдосо, башкалары кызуу кандуулукка алдырып койду деп сынга алышууда.

Өлкө ичинде да, сыртта да Давостогу окуяны март айынын соңуна белгиленген жергиликтүү шайлоого даярдык көрүү максатында Эрдогандын кеңешчилери тарабынан алдын ала уюштурулуп, сахнага коюлган оюн катары баалагандардын саны улам көбөйүүдө.

Оппозициячыл “Жумуруят калк” жана “Улуттук аракет” партиялары Эрдогандын форумдагы аракетин туура деп баалашканы менен, андагы окуядан шайлоо алдынкы өнөктүктүн амалкөй жыты келип турганын да айтпай коюшпады.

Айрым саясат таануучулар болсо, Израил менен мындай чырдашуулар эч качан Түркиянын пайдасына болбой турганын билдиришип, Давостогу окуяны дипломатиялык жактан кетирилген чоң ката катары баалашууда. Маалым болгондой Давостогу форумда Израилдин президенти Шимон Перез сөз алган учурда оң жагында отурган Эрдоганды тиктеп, “сиз эгерде Стамбулга күнү сайын 10 же 100 ракета атылганда эмне кылар элеңиз” деп үнүн саал көтөрүү менен албууттанган болчу.

Андан кийин сөз алган Эрдоган:

- Урматтуу Перез, менден улуусуз, бирок үнүңүз өтө катуу чыкты, үндүн ушундай катуу чыгышы адатта күнөөсү бар адамдын психологиясын чагылдырат. Адамдарды өлтүргөнгө келгенде муну жакшы билесиңер. Суу жээгинде жаткан жаш балдарды кандай атканыңарды, кандай өлтүргөнүңөрдү абдан жакшы билем.

Ушундай деп айткан Эрдоган сөзүн бөлүп ийинин табыштаган форумдун алып баруучусун жемелеп, залдан чыгып кеткен.

Wall Street Journal гезити шейшембидеги санында бул окуяга кайра кайрылып, Эрдоганды өлкөсүнүн досун-душманын тааный албаган киши катары сүрөттөдү. Израил менен АКШ Түркиянын аймактагы эң жакын өнөктөшү болгонун эске салган гезит, Эрдогандын Давостогу жоругу өлкөсүндө өсүп жаткан Израил жана АКШга каршы пикирлерди күчтөндүргөнүн бышыктап чыкты.

Дүйшөмбү күнү партиянын парламенттеги жыйынында чыгып сүйлөгөн Эрдоган өзүн актаганга аракет жасады:

- Алып баруучу эл аралык жыйында бир өкмөт башчынын ийинин табыштай албайт, бул тартипсиздик болуп эсептелет. Мен дипломат эмесмин, мен саясатчымын. Бирок эгерде дипломаттар өлкөмдүн таламдарын садага чаап келишкен болсо, анда мен андай дипломатиядан кечтим.
XS
SM
MD
LG