Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Т.Орозалиев: Базаны чыгаруу зарылдыгы бышып жетилген


Манас аба майданына АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын базасы 2-3 жылга эсептелип жайгаштырылган. Бирок андан бери 8-9 жыл өтүп кетти. Андан бери база өз миссиясын аткарды, деп билдирди Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын лидерлеринин бири Табылды Орозалиев бүгүн “Азаттыкка”. Ал ошондой эле база Кыргызстандын экологиясына олуттуу зыян алып келди деген пикирин билдирип, база маселеси 5-февралда парламентте караларын белгиледи. “База региондо туруктуулукту камсыз кылып келген деген сөздөр айтылууда. Бирок ага караганда Шанхай кызматташуу уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюму коопсуздукка көбүрөөк кепилдик берүүдө. Ошондуктан бул жагынан да утулуу болбойт”,-деп кошумчалады Табылды Орозалиев.(AiT)

XS
SM
MD
LG