Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:41

Бүгүн жарык көргөн гезиттер Кыргызстандын президенти К. Бакиевдин Маскөөгө иш сапары тууралуу учкай кабарлагандан башка анын кандай болгондугу тууралуу маалымат бергенге үлгүршкөн жок.

“Кыргызстандын президенти элге эмес, улутка кайрылуу жасады. Өлкөдөгү 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү ажонун сөзүн даярдаган саясатчы айымдын катасыбы, же ар бир улут өз-өз үйлөрүңөргө тарагыла дегениби, түшүнбөй калышты?” - деп суроо койгон “Дело №...” гезити айрым саясатчылардын кайрылууга карата ой-пикирлерин укту.

“Ак жол” партиясынан депутат И. Жунусов: - Башкаларды билбейм, президенттин улутка кайрылуусу мендеги чыныгы мекенчилдикти ойготту.

Көз карандысыз эксперт О. Молдалиев: - Президент биринчи жолу өлкөдөгү улуттун кызыкчылыгы жөнүндө сөз кылды. Улуттун баалуулугу эмнеде экендигин аныктады.

Коммунисттер партиясынан депутат И. Масалиев: - Президент бүт жоопкерчиликти өзүмө алдым дегени өтө чечкиндүү билдирүү болду. Ошондуктан кубаттоодон башка арга жок.

Социал демократтар партиясынан депутат И. Өмүркулов: - Мен эч нерсе түшүнгөн жокмун. Эмне деп айткысы келгенин да түшүнгөн жокмун. Конкреттүү эчтекеси жок деп жазып койгула.

Саясат иликтөөчү Н. Омаров: - Кыргыздын реалдуу турмушун ачып көрсөтүү милдетин билдиребиз деген менен өлкөдөгү чыныгы ал-абалды бийликтин боеп көрсөтүүгө аракеттенген кайрылуусу болду.

“Улуу биримдик” партиясынын башчысы Э. Каптагаев: - Эгер Кыргызстандын президентинин эң башкы жетишкендиги өз алдында катчылыкты түзүү болуп саналса анда ал кайрылууда баары айтылды деп эсептесе болот.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы М. Ниязов: - Адегенде эле президент республикадагы абалды же түшүнбөйт, же билбейт деген ой келет. Кыргызстан бүгүн мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ичиндеги эң эле кембагалы. Республиканын деңгээли төмөн түшкөндөн түшүп баратат. Бакиевдин сөзүндө өлкөнү кризистен кантип чыгаруу, кандай жолдор менен аны өйдө көтөрүү жөнүндө маселе козголушу керек эле. Ошондуктан бул кайрылуу жалгыз палатада жаткан орточо температурадагы оорукчандын абалына окшогон декларативдик билдирүү болуп калды. Мына ушул фондон алганда анын кайрылуусу дагы бир жолу көңүлдү кайт кылды.

Гезит мындан тышкары “Милициядагы өзүмбилемдик”, “Кочкаровдун өлүмү барган сайын шектүү нерселерди пайда кылууда”, “Кыргызстандын түрмөлөрүндө бирөөлөрдөн акча өндүргөнү боюнча соттолгон 14 паракор гана өз мөөнөттөрүн өтөп жатат”, “Соттор сот сурагында” деген темадагы макалаларды жарыялады.

Ал эми жакында башка бир кожоюндун колуна өткөн “Агым” гезити жөнүндөгү кабарында буларга токтолду: Мурдагы кожоюн Б. Наргозуевдин айтымында, жаңы кожоюн “Агымды” күн сайын чыга турган, нускасы 50-80 миңди чапчыган гезитке айланткысы келет. Ошол эле учурда Б. Наргозуев “Агымды” сатып алган кожоюндун аты-жөнүн кийинчерээк айтам дегени менен, “айрым бир имиштерге караганда аны “Вечерний Бишкектин” ээси Александр Ким сатып алган турбайбы” деген сөздүн же төгүн, же чын экендигин тастыктаган жок. Анан анык-чынын билүүгө аракеттенип, Александр Кимге чалганыбыз да майнапсыз аяктады, кокус ушул нерсе чын болсо кыргыз тилин билбеген кишиге кыргыз тилдүү “Агымдын” кандай кереги бар эле деп түшүндүрмө берди.

Президенттин кайрылуусу “Московский комсомолец Кыргызстан” гезитин да кайдыгер калтырган эмес. Гезит кабарчысы Елена Агееванын салт болуп калган “президентке кат” рубрикасындагы “Айтылды!” деген макалада ушул туурасында сөз болот. Кабарчы макаласында жаңы түзүлгөн катчылык президенттин курсун конкреттештирип эле тим болбой аны жүзөгө ашырууну президентке сунуш кыларын, а президент болсо аны жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчиликти мойнуна аларын белгилейт. Эгер “андай болсо” дейт автор президент К. Бакиевге кайрылып: “Буга чейинки 4 жылыңызда сиз эмнени турмушка ашырып жүрдүңүз эле? Албетте сизге монолог жазып берчү спичрайтерлер керек деңизчи, андайлар кезинде Рональд Рейганды да:”Өкмөт деген проблемаларды чечүүнүн жолою эмес, өкмөт деген - өзү проблема” деп сүйлөтүшкөн. Анан сиздин кайрылууңузду кайра-кайра окуп олтуруп мындай бүтүмгө келдик дагы, сиздин сөзүңүзгө биз дагы бир-эки фразаларды сунуш кылсакпы деп чечтик” деп: “Кыргызстанда президент тандап алгандан бөлөк жол жок”, “Биз көп жылдар бою коррупция менен кандайча ийгиликтүү күрөш жүргүзүү керектигин ийгиликтүү далилдедик”, “Оппозиционерлерди өз-өз орундарына олтургуздук, алтургай айрымдары Башпрокуратура менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады”, “Бюджетниктерге айлык эмес, көңүл керек”, “Эгер адам жакшылыкча түшүнбөсө, анда анын түрмөгө олтурганы оң” дегендерин сунуш кыларын бидирген.

Гезит ошону менен катар эле өлкөдө бирөөлөрдүн менчигин рейдерлик жол менен басып алмай кадыресе көрүнүшкө айланып баратканын, менчигин мыйзамсыз тарттырган ишкер жадагалса өз укугун күч органдары аркылуу да коргой албай калганын, мындай иштер “жогор” жактан чалынган телефондор аркылуу чечилерин баяндап, ушу тапта так ушундай абалга түшүп, 5 млн. долларлык нефтебазасынан айрылганы жаткан ишкер Валерий Хон тууралуу “Эң жогорку деңгээлдеги рейдерчилик” деген макалада кеп кылды.

Ошону менен бирге эле, дагы бир кайрылуу, Аскар Акаевдин Кыргызстандын калкына кайрылуусу депутаттарды кандайча дүрбөлөң түшүргөнүн жазып, экс-президенттин: “Өлкөдөгү жыйналган байлыкты талап-тоноп, шамалга сапырып жок кылуу үчүн бул бийликке үч эле жыл жетиштүү болду. Республикада башкалардын мүлкүнө аңчылык кылуучу жырткычтардын үйүр-тобу пайда болду. Алардын аты-жөнү да белгилүү” деп айтканын шилтеме келтирген. Гезитте жаңы Салык кодексиндеги патенттик системанын оош-кыйыштары тууралуу да сөз болот.
XS
SM
MD
LG