Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Пентагон Кыргызстан АКШ базасын колдонууну улантат деп үмүт кылууда


“Пентагон кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин Москвада жасаган билдирүүсүнө карабай “Манас” аба базасын өз аймагында колдонууну улантат деп үмүт кылабыз”,- деп билдирген АКШнын Ооганстандагы командачысы Грег Жулиан. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазат. Г.Жулиандын айтымында, азырынча базанын ишмердүүлүгүндө эч кандай өзгөрүү жок. “Биздин колубузда кыргыз өкмөтү менен болгон келишим турат, алар бизди өз аймагына киргизгени үчүн миллиондогон каражат алышат”,- дейт Г.Жулиан. Америкалык аскерий кызматкер кыргыз президентинин билдирүүсүн “саясий оюн” катары баалаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG