Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Кыргызстан менен Россия Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну макулдашты


3-феврада кыргыз өкмөтү менен орус өкмөтү Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча келишимге жетишти. Курулушту ишке ашыруу үчүн эки тарап Кыргызстан мыйзамдарына ылайык Акционердик коом түзөт. Анын 50% акциясына Кыргызстандын “Электр станциялар” акционердик коому, калган 50% акциясына Россиянын “Интер РАО ЕЭС” акционердик коому ээлик кылат. Жаңы акционердик коомго Россия 1 миллиард 700 миллион доллар насыя бөлөт. Насыя 20 жылдын ичинде төлөнүүгө тийиш. 2009-жылдан тартып төрт жылдын ичинде бериле турган насыянын жеңилдетилген мөөнөтү 8 жыл.Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG