Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:29

Жер титирөө боюнча комиссиянын ишине нааразылыктар болууда


Бул туурасында бүгүн Панфилов районуна караштуу Орто- Арык айылынын тургундары жана мектеп мугалимдери «Азаттыкка» берген маеги учурунда белгилешти. Алардын айтымына караганда, тоо этегиндеги бул айылда жарака кетип, урап калган тамдар бар. «Акча бергендерин райондук комиссия каттоого алып жатат, колунда жок, кары-картаңдардын жарылган үйлөрүн бирөө да басып келип көргөн жок», - дешет алар. Мындай нааразылыкка Орто-Арык айылындагы мектеп мугалимдери да кошулушат. Бирок ЧКМдин Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Болот Аманбаев райондук комиссия иликтөөлөрүн бүтө электиктен бир жактуу кароо туура эмес дейт. 1- февралда болгон жер титирөөнүн кесепетинен Чүйдөгү 134 үйгө жарака кетип, 7 үйгө жашоого мүмкүн болбой калган. (JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG