Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

М. Кунакунов: “Ак жолдогу" алмашууларда саясий себеп жок


Парламентте көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” фракциясынын жетекчилиги алмашып, кечээ төрагалыкка депутат Улукбек Ормонов, орун басарлыкка депутат Максатбек Кунакунов бекитилди. Максат Кунакунов бул өзгөрүүнүн тегерегинде “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.

- Максат мырза, айтсаңыз, “Ак жол” фракциясында жетекчиликтин алмашышына кандай жагдайлар түрткү болду?

- Бул жерде саясий жагдайлар деле жок. Кечээ Улукбек Ормонов айткандай, көбүнчө “Ак жол” партиясынын позициясын айтканга жана Азизбек Атакозуевич өзү айткандай, вице-спикерликти жана фракциянын жетекчилигин алып барганга кыйын болду деп өзүнүн чечими чыгарылбадыбы. Ошондуктан кечээ күнү фракциянын лидери жана төрагасынын орунбасары алмашты.

- Сиз жаштар канатынын лидери катары төраганын орунбасары болуп шайланган экенсиз. Мындан аркы жаштар канатынын саясатында кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн сиздин келишиңиз менен?

- Көп жакшы чоң өзгөрүүлөр болот деп ойлойм. Бул жаштар канаты былтыр мартта түзүлгөн эле. Ошондон бери биз 73төн ашык акция жасадык Кыргызстан боюнча. Өзүбүздүн өкүлчүлүктөрдү ачып атабыз, ар бир айыл өкмөткө чейин жетели деп. Азыр райондорго жетели деп калдык, өкүлчүлүктөрдү азыр облустарда ачтык, анан жергиликтүү кеңештерге көбүнчө жаштарды алып келгенге аракет кылдык. “Ак жол” партиясынын жаштар канатынын ичинен 23 мүчөсү азыркы маалда жергиликтүү кеңештердин депутаттары. Жаштардын даражасын көтөрөлү деп атабыз. 2009-жыл жаштардын жылы деп аталып аткандан кийин коомдук-саясий турмушка активдүү катышканга аракет кылабыз.

- Башка партиялар менен кызматташтык кандай болот? Ошонун ичинде оппозициялык партиялар менен кызматташтык барбы, планда барбы сиздерде жаштар менен кызматташуу?

- Сөзсүз бар. Бизде, жаштарда баарыбыздын оюбуз бир, көбүнчө биз жолугуп деле жүрөбүз, эч кандай каршы пикирлер жок, баарыбыз Кыргызстандын биримдиги үчүн чогуу жүргөнгө аракет кылабыз.

- Максат мырза, эми акыркы жаңылыктарга байланыштуу сөз кылсак. Кечээ Курманбек Бакиев Москвада билдиргенине караганда, “Манас” аба базасын чыгаруу жөнүндө кыргыз өкмөтү жакында чечим кабыл алган экен. Сиз ушул маалыматка кандай көз караштасыз?

- Биз аны баарыбыз чогулуп фракциядан карайбыз, карагандан кийин ошол жерден чечим чыгарабыз.

- Парламентте качан каралышы мүмкүн деген божомол бар. Себеби буга чейин база маселеси парламентте талкууланат экен, талкууланбайт экен деген эки ача пикир болуп атты эле. Эми кечээ президенттин билдирүүсүнөн кийин качан каралышы мүмкүн деп ойлоп жатасыз, процедура боюнча кандай?

- Процедура боюнча февраль айындагы планга киргизилбедиби, ал көп жерде айтылды. Эми ушул, же аркы жумада каралат деп төрага айткан.

- Эгер база чыгарылса АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мындан аркы кызматташтык кандай нукта өнүгүшү мүмкүн?

- Чыгаралат, же чыгарылбайт деп мен азыр айта албайм. Анткени биз карай элекпиз да, фракциядан карагандан кийин анан чечим чыккандан кийин көз карашты айтууга болот.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG