Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Иран маселеси «Беш плюс бирди» Висбаденге чогултту


Иран орбитага өзү жасаган алгачкы спутникти учурушу бир катар Батыш өлкөлөрүн тынчсыздандырды.
Иран орбитага өзү жасаган алгачкы спутникти учурушу бир катар Батыш өлкөлөрүн тынчсыздандырды.

Британия, Германия, Кытай, Россия, АКШ жана Франциянын өкүлдөрү немецтердин Висбаден шаарында Ирандын ядролук программасын талкуулай башташты. Бир күн мурда Иран орбитага өзү жасаган алгачкы спутникти учуруп, бир катар Батыш өлкөлөрүн тынчсыздандырды. АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтондун билдиришинче, Вашингтон Тегеран менен «катуу жана түз» сүйлөшүүнү көздөйт жана Иран эларалык талаптарды аткарбаса, тиийиштүү чара көрүлүүгө тийиш.

Висбаден шаарындагы жыйындын катышуучулары Иранды ядролук программасынан баш тарттырууга багытталган иш чараларды иштеп чыгууга тийиш. Жыйынга Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү плюс Германия катышууда. Бул президент Барак Обама кызматка киришкенден бери өтүп жаткан биринчи жыйын. Обама мурдакы президент Буштан айырмаланып, Ирандын ядролук программасы боюнча түз сүйлөшүүгө барууга дилгир.

Бирок АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон Тегерандын ядролук прогроммасы эл аралык талапка ылайык болбосо, кесепети өзүнө тийерин эскертип, мындай деди:

- Президент Обама айткандай, биз Иранга колубузду бергенден мурда алар муштумун жазыш керек. Биздин Иранга карата жалпы максатыбызды чагылдырган орток саясатты иштеп чыгышыбыз керек.

Германиядагы жыйындан бир күн илгери Иран космоско өзүндө жасалган биринчи спутникти учуруп, айырым Батыш өлкөлөрүн кыжаалатка салды. Тегерандын билдиришинче, спутник илимий маалыматтарды жана телекоммуникация үчүн пайдаланылат. Бирок АКШ, Британия жана башка Батыш өлкөлөрү Иран космостук технологияны алыс аралыкка жетүүчү баллистикалык ракеталарды жасоо үчүн пайдаланат деп кооптонушту.

Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гиббс болсо АКШ администрациясы колундагы бар механизмдерди пайдаланып, Иранга эларалык коомчулуктун жоопкерчиликтүү мүчөсү болууга жардамдашарын билдирди. Муну АКШ Иранга карата саясатын катаалдантышы мүмкүн деп чемелесе болот. Ошентсе да, Обаманын кеңсеси Иранды уранды байытуудан баш тарттыруу үчүн «бир колдо токоч, бир колдо камчы» саясатын колдонот деп күтүлүүдө.

Марк Фицпатрик Лондондогу Эл аралык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун талдоочусу. Анын айтымында, Иран уранды байытууну токтотууга макул болсо, АКШ экономикалык жардамды сунуш кылат:

- Барак Обама Иран менен эч кандай шарты жок туруп сүйлөшүүгө барууга даяр. Менимче, АКШ сүйлөүшүүүгө барып, Иран эл аралык коомчулукту кооптондурган активтүүлүгүн токтотчу болсо, олуттуу сунуштарды жасаларын даана көрсөтөт.

Канадалык серепчи Алиреза Хажижинин байкашынча, АКШ жана Евробиримдик Иран маселесинде өз ара мунасага келип калды:

- Обама сүйлөшүү жана финансылык кысым көрсөтүү саясатын тандап алды. Биримдиктин мүчөлөрү да ушундай пикирде. Ошентип, АКШ жана Биримдиктин Иран проблемасындагы айырмасы мурдакыдан алда канча азайды.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вольтер Штайнмайер Обаманын кеңсесинин Иран менен сүйлөшүүгө баруусун колдоп, Иранды мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого чакырды.

XS
SM
MD
LG