Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Барак Обама өзүн-өзү сындады


АКШ президенти Барак Обама айрым маанилүү дайындоолору оңунан чыкпай калганын жаңы администрациянын "жаңылыштыгы" деп атады. Бирок президенттин сынчыл маанайдагы сөздөрү кызматкерлерине эмес, өзүнө багытталды. Обама мамлекет башчысы үчүн адаттан тыш ачыктык менен жоопкерчиликти өзүнө алды.

Ушул шейшемби күнү мурдагы сенатор Том Дэшл Барак Обаманын администрациясында саламаттыкты сактоо министринин кызматын ээлөөдөн баш тартууга аргасыз болду. Анткени ал бир кезде тапкан кирешесинен 140 миң доллардык салыкты жашырганы ачыкка чыгып калды. Сенаттын каржы комитетиндеги сөзүндө мурдагы сенатор жаңылыштык кетиргенин моюнга алып, кечирим сурады, министрлик кызматка талаптанбай турганын билдирди.

Ушул эле күнү мамлекеттик жогорку кызматка талапкерликтен Нэнси Киллефер ысымдуу айым да алынды. Барак Обама аны өкмөттүк чыгымдарды кыскартуу менен алектенүүчү мекеменин башчылыгына көргөзгөн. Буга Киллефер айым бир ирээт салыкты кечигип төлөгөнү ачыкка чыкканы себеп болду.

Жогорудагы эки окуя өкмөтү чынчылдыктын жогорку үлгүсүн көргөзөрүн убада кылган Барак Обама үчүн көңүл чөктүрө турган көрүнүш. Ушул окуялардан соң теледен сүйлөгөн учурунда Обама мындай деди:

- Мен өз жаңылыштыгымды чындап моюнга алышым керек. Бул акыр аягында азыркы өкмөт кош эреже: салык төлөөдө белгилүү адамдар үчүн бөлөк, жөнөкөй адамдар үчүн башка эреже болбой турганын каңкуулосу үчүн маанилүү.

Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө тажрыйбасы чоң жана Конгресстен мыйзамдарды өткөрүүнүн аки-чүкүсүн жакшы өздөштүргөн мурдагы сенатор Том Дэшлдин министрликке барбай калуусу, Обаманын бул тармактуу рефомалоо планына чоң сокку катары каралууда.

Буга чейин Нью-Мексиконун губернатору Билл Ричардсон өз штатында тергөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу соода министрин кызматынан баш тарткан эле. Анын ордуна Обама республикачыл сенатор Жадд Грегди көрсөттү. Муну менен ал Обама өз администрациясынан кызмат сунуш кылган үчүн республикачыл.

Сенат 34 миң доллар өлчөмүндөгү салыгын кеч төлөгөнүнө карабай, өкмөттүн чечүүчү мүчөсү Тимоти Гейтнерди каржы министринин кызматына бекитти.

Президент Обама болсо сүйлөгөн учурунда кызматтык дайындоолор маселеси көңүлдү экономиканы стимулдаштыруу боюнча азыр Сенаттын кароосунда турган пландан алагды кылып жатканына камтамачылыгын билдирди:

- Мен өзүмө жана биздин командага капамын. Бирок акыр аягында менин милдетим бул нерсени түздөөдө турат. Анткени биз азыр көңүлдү начарлап жаткан экономикага жана адамдарды жумуш орундарына кайтарууга бурушубуз абзел.

Бирок экономиканы стимулдаштыруу боюнча 825 миллиард долларга эсептелген планда да АКШнын жаңы президентинин дагы бир жаңылыштык кетирген сыяктуу. Анткени эл аралык көңүл документтин бир жобосуна - пландын алкагында каржылануучу инфраструктуралык долбоорлорү үчүн АКШнын өзүндө гана өндүрүлгөн товар, темир, болот колдонулушу керек деген чакырыгына бурулду. АКШнын соода өнөктөштөрү муну дароо эле протекционизм катары баалашты. Канада менен Евробиримдик Конгресске бул шартты өзгөртүүгө чакырган кат жолдоду.

Дүйнөгө Америка дүйнөлүк сооданын төмөндөөсүнө тынчызданбастан, өзүн гана ойлоп жаткандай белги берүү "жаңылыштык" экенин Барак Обаманын өзү да белгиледи жана пландагы аныктаманы башкача берүүнү караштырарын билдирди. Бирок президент экономиканы стимулдаштыруу планынын "Американыкын сатып ал" деген талабын жеңил эле өзгөртө алабы же жокпу белгисиз, анткени кабарларга караганда, документти талкуулап жаткан Сенат бул багыттагы жоболорду каталыраак кылууну караштырууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG