Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

ЕврАзЭСтин алкагында “Кризиске каршы кор” түзүү чечими кабыл алынды


Дүйнөлүк экономикалык кризисти жеңип чыгуу багытындагы кордун капиталы 10 млрд. АКШ долларынын өлчөмүндө болот. Ошондой эле Эл аралык жогорку технология борборун түзүү чечими ЕврАзЭСтин кечээги кеңейтилген жыйынында кабыл алынды. “Кризиске каршы кордун” мүчөлүк акысына Орусия 7,5 млрд, Казакстан 1 млрд. доллар каражат бөлмөкчү. ЕврАзЭСтин курамындагы башка мамлекеттердин мүчөлүк акыга үлүшү бир айдын ичинде такталат. Аталган уюмдун келерки жыйыны үстүбүздөгү жылдын октябрь-ноябрь айында Минск шаарында өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG