Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:13

Дүйнөнүн алты өлкөсү Иранды БУУ менен кызматташууга чакырды


Германиянын Визбаден шаарында дүйнөнүн алты өлкөсүнүн өкүлдөрү Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаалды жөнгө салууда дипломатиялык чечимди колдогонун билдиришти. АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обаманын расмий Тегеран менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушун колдошту. Жолугушуунун катышчуулары Иранды Бириккен Улуттар Уюму менен ар тараптуу кызматташууга чакырышты. БУУнун чектөөлөрүнө карабастан Тегеран уран байытуу иштерин токтотпой келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG