Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

АКШ базасын чыгаруу маселеси парламентке келип түштү


Кыргыз өкмөтү АКШ өкмөтү менен 2001-жылы Манаска антитеррордук колаициянын базасын жайгаштыруу боюнча жетишилген келишимди жокко чыгарууну Жогорку Кеңешке 4-февралда жолдогон. Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиевдин 5-февралдагы билдирүүсүнө караганда, өкмөттүн сунушу бүгүн парламентке келип түштү. Масалиев бул маселени жума күнү биринчи болуп кароону сунуштады. Аны депутат Алишер Сабиров, Аскарбек Шадиев да колдоду. Жогорку Кеңештеги өкмөттүн өкүлү Мырза Кулматов база боюнча келишимди токтотууну комитеттерде талкуулап, андан кийин чечим кабыл алууну сунуштады. Өкмөт өкүлү Россия менен 3-февралда жетишилген үч келишимди жума күнү ратификациялоону сунуштады. Ал келишимдерде Кыргызстандын тышкы карызын жоюу, Россиядан финансылык жардам алуу жана Камбар-Ата ГЭСин куруу каралган.(AiT)

XS
SM
MD
LG