Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

Москвада 4-февралда Жамаатык коопсуздук келишим уюмунун саммитинде биргелешкен чукул аракеттенүүчү күч куроо макулдашылды. Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин айтымында, Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын лидерлери мындай күчтүн уюштурулушу зарыл экендиги туурасында бир пикирге келишти.

Байкоочулар Жамааттык коопсуздук келишим уюму 1992-жылы пайда болсо да керегеси тургузула элек бойдон экенин белгилешет. Бирок аны Москва аскердик мааниден алганда НАТОнун бир түрү деп келет. Айрым байкоочулар ЖККУ мурдагы советтик аймакты башкаруу үчүн ойлоп табылган Орусиянын колундагы саясий курал деп сыпатташат.

3-февралда ЖККУга мүчө Кыргызстан Орусиядан каражат аларын угар замат Москва кыйладан бери колун толгоп көндүрө албай келаткан Манастагы америкалык базаны жабуу тууралуу чечимин жар салды.

Мындай кабарды угары менен НАТОдогу Орусиянын өкүлү Дмитрий Рогозин “америкалык аскерлер Манастан кеткенде аны ЖККУ биргелешкен чукул аракеттенүүчү күч куроо үчүн пайдаланса болот” деп Интерфакс агенттигине билдирди.

Саммитте Орусиянын президенти Дмитрий Медведев буларды айткан:

- Саммитке катышкандар тийешелүү чечим кабыл алуу керектигин белгилешти. Ошондой эле биргелешкен чукул аракеттенүүчү күч куроо тууралуу макулдашты.

Ошол эле учурда ЖККУга мүчө өлкөлөр дайыма эле Кремл бийлигинин тилин ала бербестиги малым. Маселен, былтыр күздө Грузиядан бөлүнүп кеткен Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендүүлүгүн таанытууга Москва канчалык аракеттенбесин КМШ өлкөлөрү тил алган эмес.

Москвадагы “Карнеги” фондунун серепчиси Алексей Малашенконун баамында, ЖККУнун күчтүү калканч болгудай түзүлүш деп айтуу күмөн:

- ЖККУнун НАТОго каршы согуш ачарын же исламчыл жааттын козголоңунан улам кайсы бир президенттин башын куткаруу үчүн урушка кирерин элестетүү мүмкүн эмес.
XS
SM
MD
LG