Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

Кыргыз бийликтери каолициялык күчтөрдүн Бишкектеги аскер-аба базасын жабууну чечкенин эл аралык эксперттер да кызуу талкуулап жатышат. Айрымдары америкалыктар “Манастан” башка аэропорт табышы мүмкүн дешет.

Кыргыз өкмөтүнүн чечимине байланыштуу Пентагондун өкүлү Жефф Моррелл Бишкек менен Вашингтон ортосунда сүйлөшүүлөр улантыла турганын билдирди. “Бул базанын бизге чоң мааниси бар,аны биз мындан ары пайдаланганга абдан ниет кылабыз”,- деп айтты ал.

Вашингтондогу “Мурас” фондусунун илимий кызматкери Ариэл Коэн “АКШ, балким, Тажикстандан же Өзбекстандан башка аэропорт тапканга аракет кылышы мүмкүн” деп болжолдойт. “Канткен күндө да НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүн жабдуу зарыл экенин Москвада эң жакшы билишет”.

Эл аралык кризис тобунун ушу тапта Бишкекте турган эксперти Пол Куинн-Жаж ток кесер бир бүтүм чыгарганга али эрте экенин эскертти. “Америкалык аскерлер таңылчактарын артынып, бу жерден чыгып кетмейинче база жабылды деп тыянак жасабаш керек,- дейт ал.- Боолгошумча, соодалашмай дагы бир топко уланат шекилди”.

Пол Куинн-Жаж кыргыз өкмөтүнүн чечиминен эч кандай идеология көргөн жок. Мунун болгон эле негизи - өлкө акчадан өзгөчө жутап турат. Экономикалык абалы кыйын, энергетикалык каатчылык каптады. Анча-мынча каражат болсо, эл толкуп, коомдук нааразылык чыгып кетиши мүмкүн деп кооптонтуп жаткан жаздан эптеп тынч өтүп алганга огожо түзүлмөк. “Мындан тышкары кокус президент Бакиев экинчи ирет кайра шайлангасы келип калса, буга да каражат керек болот”,-дейт ал.

Ушул мааниде Пол Куинн-Жаж Кыргызстанга 2 миллиард доллар өлчөмүндө кредит берүүнү чечкенин “өтө кызык белги” деп эсептейт. “Россия өзүндөгү финансылык чоң проблемаларына карабай Борбор Азиядагы позициясын кайра бышыктаганга өтө куштарланып жатат. Буга чейин Россия Кыргызстанга анчейин деле медилин салып кызыкчу эмес, Бакиевдин жана анын саясатынын тарапкери да болгон эмес. Кайра орус бизнесин бул жерде эшик-төрүнө ээн-эркин өткөрбөй жатканына даттанып келишкен”.

Кыргыз өкмөтүнүн чечимине Кремлдин тикелей таасири тийди деген божомолдорго токтолуп, Пол Куинн-Жаж муну “президент Обамага Россиянын жакшы ыкыласы жоктугун көрсөткөн таасын белгиге” жоруду.

Бирок Jane's тобунун аналитиги Тим Риплей кыргыз өкмөтүнүн чечиминен Кремлдин АКШга, Борбор Азияга байланыштуу жаңы саясатын таба албады. Арийне, орустар Кошмо Штаттары менен НАТОго бир топ эле пайдасын тийгизди, эми алар Россиянын еврапалык аймагы, Борбор Азия аркылуу Ооганстанга жүк ташыганга түндүктөн темир жол жана автокаттамдарды ачууну макулдашканы жатышат.

Ошентсе да “Манастагы” авиабазанын жабылышы Ооганстанга самолет менен жүк ташуу ишин кыйла кыйындатарын Риплей калетсиз иш деп эсептейт. “Пакистан аркылуу өткөн кан жолдор соңку эки-үч айдан бери өтө кооптуу болуп калды... Борбор Азиядан автокаттамдар ачылганча АКШ жана анын союздаштары аба жолдоруна гана үмүт кыла алышат. Ушундан улам алардын наркы кымбаттай түштү. Кыргыз өкмөтү да, кыязы, анын баасын көтөрүүнү чечкен өңдөнөт”,-дейт Риплей.
XS
SM
MD
LG