Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

АКШ базасын чыгаруу чечими эмне үчүн Бишкекте эмес, Москвада жарыяланды, анын чыгарылышынын өлкө үчүн кандай пайдасы, же зыяны болушу мүмкүн? Ушул жана башка суроолор “Азаттыктын” түз обосунда талкууга алынды.

“Азаттыктын” түз ободогу “тегерек үстөл” талкуусуна “Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев, Коммунисттер партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Искак Масалиев, коомдук жана саясий ишмер, мурдагы адилет министри Марат Кайыпов катышты.

Алдын ала маалымдай кетели, Кыргызстанга антитеррордук коалициянын алкагында АКШнын "Манас" аскердик аба базасы 2001-жылдын декабрында жайгашкан. Азыр миңден ашык аскер кызматкерлери, техникалык, жүк ташуучу аба транспорттору бар экендиги маалымдалууда. Базадан Кыргызстанга 150 млн. доллар түшүп турары, анын ичинде ижара акысы бары буга чейин айтылып келатат.

Ошентип, президент Курманбек Бакиев Москвада АКШнын Кыргызстанда жайгашып турган антитеррордук аба аскерий базасынын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу бир тараптуу чечимин жарыялады. Парламент макулдук берсе алты ай ичинде база Кыргызстандан кетиши зарыл болуп калат. База тууралуу чечимин президент тараптардын экономикалык компенсация боюнча тил табыша албагандыгы, АКШ аскер кызматкеринин колунан мерт болгон кыргызстандык жаранга таандык иштин эки жылдан бери териштирилбегендиги менен негиздеди.

“Азаттык”: - Анда талкууга катышып жаткан мырзаларга суроо узатсак, президент келтирген негиздер сиздерди канчалык деңгээлде ынандыра алды жана президент өз чечимин эмне үчүн Бишкекте эмес, Москвада жарыялады? Бул чукул чечимби же алдын ала даярдалганбы? Эмне үчүн парламентке алдын ала маалымдалган жок?

Искак Масалиев: - Коммунисттер фракциясы базага 2001-жылдан бери дайыма каршы чыгып келген эле. Биз ыраазыбыз бул чечимге. Биз алдыдагы максаттарга жеттик деп айтсак болот. Бирок база эртең эле чыгып кетет дегенден алыспыз. Процедуралык дагы бир топ маселелер бар. Парламент чечкенден кийин алты айдын ичинде база чыгып кетет.

“Азаттык”: - Искак мырза, президент эмне үчүн чечимди Бишкекте эмес Москвада туруп жарыялады деген суроо берилип атат...

Искак Масалиев: - Эми жашыра турган эч нерсе жок. Балким сүйлөшүү учурунда ушул маселе көтөрүлүп, ЖККУнун алкагында ушул чечимге келген болуш керек деп ойлоп атам.

Өмүрбек Текебаев: - Биринчиден президент өз чечимин айткан убактысы, орду туура эмес болду. Муну Борбор Азиялык сүйлөшүү ыкмасы болду деп Америка күчтөрүнүн аймактык башкы командачысы күлүп кеткен. Бул базардагы майда сооданын деңгээлиндеги иш экен деген оюн айтып кеткен. Мына ошол ишке ашып, Батыштагы массалык маалымат каражаттары аба-аскерий базасын төртүнчү жолку аракеттен кийин сатты деп айтып жатышат.

Президент Медведев менен берген пресс-конференциясында америкалыктар биз сураган акчаны бербей койду, биз көп аракет кылдык деп, коомдук пикирге дагы шилтеме жасап, биз ошону чыгаралы деп чечтик, анан орустар бизге жакшынакай жардам берип атат, рахмат деди. Медведев ынгайсыз болуп кетип, бул маселенин бири-бирине тиешеси жок, база кыргыздардын өзүнүн иши, өздөрү чечти, бизге тиешеси жок деп актанды. Андан кийин Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары дагы атайын билдирүү жасап, бул эки маселе бири-бирине байланбайт, америкалыктарды кетирүү кыргыздардын иши деди.

Америкалык базаны кетиришибиз ушунчалык маанилүү беле? Бул “Кебелгис эркиндик” деген аскер операциясынын негизинде антитеррористтик контингент биздин аймакта турат. Мындай контингент Тажикстанда да бар. Тажикстандын Дүйшөмбү аба майданында, Кулябда француздар турат. Өзбекстандын Термез аба майданында немистердин аскер күчтөрү бар. 2008-жылы мартта Өзбекстан америкалык аскер күчтөрүн дагы Термез аба майданына келип жайгашканга уруксат берди. Жакында келген америкалык генерал Казакстан менен сүйлөштү. Казакстан 2001-жылкы 15-декабрдагы кол коюлган, биз жакында жокко чыгара турган келишимди жактырды. Алматынын аба майданына келип отура берсеңер болот, баарын даярдап койдук деп айтты. Түркмөнстандын президенти дагы жардам беребиз, бизге келгиле деди. Орусия президенти дагы Бакиевден кийин уялып, биз да жардам беребиз, биз аркылуу дагы кара жолдон Ооганстанга жүк ташысаңар болот деп айтып атат.

Ошентип Кыргызстандын айланасындагы мамлекеттердин баарында антитеррористтик күчтөрдүн бөлүктөрү болуп, НАТО өлкөлөрүнүн аскерлери турат. Ошолордун ичинен биз гана Орусиядан карыз алабыз деген шылтоо менен чыгарып жибердик. Эмне үчүн? Анткени Бакиев президент болордун алдында сырткы колдоого муктаж болуп, көзү жалдырап турганда Астанада сөз ээрчитип, мен чыгарам деп убада берип койгон.

Марат Кайыпов: - АКШга, Орусияга, Кытайга окшогон күчтүү мамлекеттер ар дайым үстөмдүк саясатын жасаганга аракет кылат. Ошол эле учурда бизге окшогон мамлекеттер да өзүнүн саясатын жасашы керек. Кыргызстандын саясаты, мисалы, кыргыз элинин кызыкчылыгында болушу керек. Менин көз карашымда АКШ өз базасын жайгаштыргандагы түзүлгөн келишими кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келген. Анткени айкындык болгон эмес. Эл эмес, көп өкмөт мүчөлөрү да билген эмес, Кыргызстан канча миллион доллар алып атат, кайсы жакка сарпталып атат, белгисиз болгон. Мен Адилет министри болуп иштеп турганда АКШ элчиси Мари Иованович менен сүйлөшкөндө биз Кыргызстанга акчаны берип атабыз, бирок кайсы өкмөттүк эмес уюмга берип атканыбызды айтпайбыз, бул Кыргызстанга берилип атат деген. Жардам кимге келип атканын билбесек, алганыбыз бир тыйын, себеби, биз аны кайтарышыбыз керек дегем. Биз бейөкмөт уюмдарга жардам бергенбиз, биз мынча миллионду бербейбиз деп коюшкан америкалыктар.

Экинчиден, кыргыз өлкөсү Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө. Азыркы учурда дүйнө жүзүн башкарып аткан Кошмо Штаттар болуп атат. Мына ушул ШКУ келечекте НАТОго атаандаш уюм болот деген тилек бар. Мына ошого мүчө болуп аткандан кийин Американын базасын Кыргызстандан чыгарганга мажбур болобуз. Менимче Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан дагы келечекте ошого барышат.

“Азаттык”: - Базанын чыгарылышынын Кыргызстан үчүн экономикалык, саясий кандай пайдасы же зыяны болушу мүмкүн? Маселен, АКШдан Кыргызстанга 150 млн. доллар акча түшүп турат экен, анын бир нече миллиону ижара акы катары келет деген маалымат бар. Ошол эле мезгилде Кантта жайгашкан Орусиянын аба-аскерий базасынан каражат түшпөйт деген да дооматтар бар.

Искак Масалиев: - Менин пикиримде, базаларга карата акча менен эсептешкенибиз таптакыр туура эмес. Америка башкарган бириккен аскер базасынан канча түштү, канча иштетилди деп ар түрдүү маалымат берилип атат. Акыркы маалымат боюнча, 35 млн. доллар жыл сайын келет экен. Кандай болсо да ал биздин бюджет үчүн чоң салым кошкон жери жок. Мен мисалы, байкаган жокмун. АКШнын завод-фабрикага же айыл чарбасына берген акчаларын байкаган жокмун. Көпчүлүк учурда демократиялык процесстерди, башкаруу системасын өнүктүрүү үчүн деген, сот системасы жакшы иштеп кетсин деген программалар. Бүт бардыгы өндүрүш үчүн эмес, системага арналган акчалар болгон. Ошондуктан, кандайдыр бир деңгээлде жоготуулар болот. Бирок биздин бюджетке анын чоң таасири тийбейт. Андан көрө кеткенинин пайдасы көбүрөөк. Биз көз карандысыздыгыбызды бекемдейбиз.

Туура айтып атасыз, Орусиянын аскер базасынын маселесин деле коюш керек. Бирок ал жерде кырдаал башкачараак. Биздин мамлекет кол койгон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун келишимине каршы чыгып калабыз. Бирок негизи кандайдыр бир мамлекеттин аскер күчтөрү жайгашкан туура эмес. Жок болгондо пайдасы көбүрөөк болот.

Өмүрбек Текебаев: - Биз базар принцибине негизделген тышкы саясат жүргүзөөрүбүз ачыкталып, шылдың болдук. Бул биринчиси. Экинчиси, “Кебелгис эркиндик” деген операция күчөп, Ооганстанга келчү аскерлер, ага кеткен акча дагы эки эсе көбөймөк. Кыргызстанга келген аскерлердин саны 5 миңге жетип, балким, 300 млн. долларга чейин акча түшмөк. Эми ал долларды ким жеп атат, кайда кетип атат, Акаевдин убагында сыр болгон, Бакиевдин убагында да сыр болуп атат. Эми аны бөлүшпөсө Марат Кайыпов дагы башка жагын билбейт. Келип түшкөндүн баары белгилүү. Мына “Дастандын” 48% акциясы аркылуу орустардын карызы менен эсептешти. Калган 52% пайызы кимде? Бүгүнкү президенттин энергетика тармагында мыйзамсыз, жашыруун иштерин алып барып аткан Ширшов акцияларды сатып алып, ошол жерде заводдун орун басары болуп отуруп калды. Мына 200 млн. доллар кимдики экенин билбейбиз дейбиз. Ал дагы ошол президенттин айланасындагы адамдардыкы.

Эми мына НАТО өлкөлөрүнүн аскерлери коңшулардын баарында бар. Эми биз коңшулардан ашып чуркаганыбыз менин оюмча туура эмес. Эртеби-кечпи биз Америка базасын чыгармакпыз. Бирок казак, өзбек уруксат берип атканда, Тажикстанда андай күчтөр турганда, Түркмөнстан, кара жол аркылуу Орусия жардам берем деп атканда биз саясий кызыл кулактыктын элементи катары пайдаландык муну.

Акчасына келели, Орусия 2 млрд. доллар акча берип атат дейт, анын 300 миллиону бюджетке кетет дейт. А бир жылда базадан биз каражатты 300 миллионго быйыл жеткирсек болмок. Калганына ГЭСти курсак болмок.

Марат Кайыпов: - Саясий жактан кыргыз мамлекети ойлонуш керек. Азыркы учурда АКШ менен Россия федерациясынын карама-каршылыгы күчөп атат. Каршылашкан эки мамлекеттин аскер базасын бир кичинекей Кыргызстан деген өлкөнүн ичинде калтырып коюу кыргыз өлкөсүн келечекте аскердик полигон катары жасап коюуга тете деп эсептээр элем. Эч убакта каршылашкан мамлекеттердин аскерий базасын биз өлкөбүзгө калтырышыбыз керек эмес, сөзсүз бирөөнү тандап алышыбыз керек. Ошондуктан бул саясий жагынан алганда, мен ойлойм, бул туура чечим болду.

“Азаттык”: - База чыгарылгандан кийин Борбор Азияда террорчулукка каршы күрөш коопсуздукту сактоо үчүн эми кандай чаралар көрүлүшү мүмкүн. Өзүңүздөр жакшы билгендей кечээ Москвада Жамаатык Коопсуздук Келишиминин уюмунун саммитинде биргелешкен чукул аракетенүүчү күч куроо макулдашылбады беле.

Өмүрбек Текебаев: - Тилек каршы Ооганстандын айланасындагы коопсуздук маселелерине түздөн-түз катышуудан, эл катарынан Кыргызстан чыгып калды. Экинчиден Ооганстандагы тынчтык үчүн терроризимге каршы күрөшүү бул аскердик гана бөлүгү болбойт. Ооган эл чарбасын калыптандыруу боюнча миллиарддаган долларлар бөлүнүп, ал жерде ар кандай объектилер курулат. Мына ушул объектилерге Кыргызстан катышып Ооганстанга дыйкандардын буудайын сатып, башка товарларга чейин жөнөтүп, катышып ошол жерден биз экономикалык пайда алсак болмок. Ооганстандын экономикасын калыбына келтириш үчүн ГЭСтерден баштап платиналарга чейин биз куруп, ошол жерден биздин ишканалар акча тапса болмок. Тилекке каршы биз момундай аракеттен кийин ал жерден баары бир НАТОнун өлкөлөрү көзөмөлдөйт, ал тендерлерге катышуу мүмкүнчүлүгүбүздөн ажырайбыз, ал жерге биздин кыргызстандык атамекендик өндүрүшчүлөр чыккан товарды НАТОлуктардын акчасына сатып, Ооганстанга жардам берип, өзүбүз экономикалык пайда алуу мүмкүнчүлүгүнөн биз ажырап калдык.

Марат Кайыпов: - Менимче Ооганстанга шилтеме жасап, андан баш тарттык деген, менимче, туура эмес да. Себеби түп-тамыры менен Ооганстанда болуп аткан аскердик коалицияны, согушту дагы карап чыгышыбыз керек. Анткени аскердик коалиция мына сегиз жылдан бери согушуп атат. Усама бен Ладенди кармайбыз, өлтүрөбүз, жок кылабыз деп согуш ачкан болчу АКШ, биз макул болгонбуз. Сегиз жылдан бери кармадыбы Усама бен Ладенди? Кармаган жок. Талибандарды жок кылдыбы? Жок кылган жок. Эл аралык баңи заттарга, наркомафияга каршы күрөшөбүз деген ушул сегиз жылдын ичинде, америкалыктар киргенден бери Ооганстанда апийимдин өскөнү жыйырма эсе көбөйүптүр. Мындайча айтканда эч кандай жыйынтыгы жок болуп атат да, тетирисинче жөнөкөй карапайым элдерди бомбалап өлтүрүп атпайбы. Бул Ооганстандагы болуп аткан күрөшүүнүн маңызын дагы түп-тамыры менен келечекте БУУ мүчөсү катары Кыргызстан дагы сунуш кылып, карап чыгышыбыз керек..

Искак Масалиев: - Биринчиден ким айтты ушул АКШ баштаган күчтөрү дүйнөдө тартипти сакташ керек деп? Аларга эч ким укук берген жок, бул алардын түбөлүктүү саясаты болуп атат. Экинчиден мен Ооганстанга барып келгем, көргөм. Бүгүнкү күндө алардын кылган аракеттери таптакыр Ооганстан эли үчүн деген аракеттер эмес. Ал жерде жети миллиард доллар акча жыл сайын өзүнүн каражатына кетип атат. Америка жарандарынын төлөгөн салыктары туруп атат. Үчүнчүдөн, жанакы баңги заттар 8100 тоннага чейин өсүп чыкты Ооганстандын өндүргөнү, эми ушунун баары терроризимге каршы күрөш, коррупцияга каршы күрөш деген болсо мындай күрөштүн кереги жок.

Акырында айтата элем, Кыргызстанга эч кандай айырмасы жок, биз ансыз деле катышкан жокпуз Ооганстандын тагдырына, бүгүн деле катышпайбыз. Балким эртең дүйнөлүк көпчүлүк ошол жерди өнүктүрүүгө акча каражат бөлсө, анда сөзсүз башка жол менен биз өзүбүз чыгарган продукцияны сатканга мүмкүнчүлук ансыз деле болот. Ал эч кандай аскер база менен байланышы жок деп мен эсептейм.

“Азаттык”: - Американын аскер аба базасын чыгаруу жөнүндө чечимден кийин Кыргызстандын тышкы саясатында, Америка менен Кыргызстандын кызматташтыгында кандай өзгөрүү болушу мүмкүн?

Өмүрбек Текебаев: - Алдыда айтып кетишкендей Америка чоң империя, анын кызыкчылыгы туруктуу, алар менин оюмча шашылыш жыйынтык чыгарып, ушуну менен бизден кол үзбөйт. Алардын туруктуу сырткы саясаты, сырткы кызыкчылыгы бар. Бул биздин мамилебиздин бузулушуна алып келбейт деп мен ишенем.

Искак Масалиев: - Сөзсүз анча мынча өзгөрүү болот. Кээ бир мамлекеттер биз жүргүзгөн саясатты түшүнбөй калышы мүмкүн, бул күткөн нерсе. Бирок убакыт өткөн сайын баары өз ордуна туруп, түшүнүктүү болуп калат.

Марат Кайыпов: - Менин оюмча АКШдан биз олуттуу жардамдарды алып атабыз, азыркы сот реформасы боюнча, коррупцияга каршы күрөш боюнча, билим берүү жагынан. Биздин жарандарды бекер окутуп жатышат мамлекеттик программа менен. Бул программалар кала берет. Бирок мына ушундай Кыргызстандын кадамы АКШны да ойлонтот. Анткени Орто Азиядагы жайгашкан мамлекеттердин ичинен Америка менен жакшынакай алака түзгөн жалгыз Кыргызстан болчу. Өзгөчө демократиялык, адам укуктары боюнча биз чоң иштерди алып баратканбыз. Мына ушул жардамды дагы башка тармакта, аскер тармагы эмес башка тармакта АКШ кайрадан көбүрөөк тыгызыраак байланышка алып келет деген ойдомун. Аткени АКШнын Борбордук Азияда кызыкчылыгы абдан чоң.

Талкууну уюштурган Бурулкан Сарыгулова
“Азаттык”:
- Тегерек үстөлдүн урматтуу катышуучулары, талкууга катышып бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG