Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

“Таза суунун” II баскычын даярдоо үчүн 150 миң доллар бөлүнөт.


“Таза суу” долбоорунун экинчи баскычын даярдоо үчүн Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга 150 миң АКШ долларын бөлөт. Бүгүн парламент бул тууралуу долбоорду жактырды. Депуттар долбоорду талкуулоодо “ага бөлүнгөн каражат максаттуу эмес пайдаланды” деп “Таза суу” програмасынын биринчи этабынын жыйынтыгына баа берүү тууралуу сөз козгошту. Айылдарды суу менен камсыз кылуу департаментинин директору Нурмамат Муллакелдиевдин билдиришинче, ортодон чыгып “акча жеп алды” дегендердин үстүнөн 18 кылмыш иши козголуп, 4 иш сотто каралды. “Таза суу” программасын ишке ашыруунун биринчи этабы үчүн Дүйнөлүк Банк 150 миллион ал эми Азия Өнүгүү Банкы 36 миллион АКШ долларын бөлгөн эле. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG