Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Жогорку Кеңештин комитети Россия менен келишимдерди жактырды


Парламенттин эл аралык иштер жана парламенттик байланыш комитети бүгүн өз отурумунда 3-февралда кыргыз өкмөтү менен орус өкмөтү жетишкен келишимдерди карап, аны толугу менен жактырды жана 6-февралда Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгууну чечти. Азыркы мезгилде парламенттин бюджет жана финансы комитети үч келишимди кароого киришти. 3-февралда жетишкен келишимдердин биринде Кыргызстанга Россия тараптан бериле турган 300 миллион доллар насыя жөнүндө сөз болсо, калган экөөсүндө Кыргызстандын тышкы карызынын бир бөлүгүн төлөө жана кечүү, Камбар-Ата ГЭСин куруу каралган. Каржы министри Марат Султановдун билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын карызын кечүү боюнча орус тарап сунуштаган шарт ХИПИК программасы сунуштаган шарттан дурус. Эгерде ХИПИК боюнча карыздын 40-50% кечүү каралса, кыргыз-орус келишими боюнча 80-95% карыз кечилүүдө. Ал эми Камбар-Ата ГЭСине эки тарап теңме-тең ээлик кылат. ГЭСтин куруу үчүн акцинердик коом түзүлүп, анын 50% Кыргызстан, 50% Россия ээлик кылат. Жаңы түзүлгөн акционерди коомго Россия 1 миллиард 700 миллион доллар насыя берет. Насыя 20 жылга LIBOR+3 шартында берилип, аны төлөө жоопкерчилиги акционердик коомго жүктөлөт. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG