Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Бюджет жана финансы комитети Россия менен келишимдерди жактырды


5-февралда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети кыргыз жана орус өкмөттөрү 3-февралда Москвада жетишкен келишимдерди карап, анын баарын жактырды жана ратификациялоо үчүн парламентке алып чыгууну чечти. Келишимдер тууралуу депутаттарга каржы министри Марат Султанов жана өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов маалымат берди. Султановдун билдирүүсүнө караганда, Россия тараптан жеңилдетилген шартта бериле турган 300 миллион доллар экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат, ал эми 150 миллион доллар грант бюджетти колдоого багытталат. Камбар-Атаны куруу боюнча келишимге токтолгон Ильяс Давыдов ГЭСти куруу үчүн акционердик коом түзүлүп, анын 50% кыргыз, калган жарымына орус тарап ээлик кылаарын, жаңы акционердик коомду орус өкмөтү 1 миллиард 700 миллион долларлык насыя менен камсыз кылаарын белгиледи. Жаңы акционердик коомдун директорлор кеңешине орус тараптан үч, Кыргызстандан эки өкүл кирет.(AiT)

XS
SM
MD
LG