Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Камбар-Ата ГЭСинин курулушу боюнча Орусия-Кыргызстан макулдашуусу тууралу "Азаттыктын" суроолоруна ЖКнын мурдагы депутаты, энергетика тармагындагы белгилүү адистердин бири Райымбек Мамыров жооп берди.

- Камбар-Ата ГЭСине байланыштуу кабыл алынган макулдашуунун артыкчылыгын сиз эмнеден көрүп жатасыз, таанышып чыксаңыз керек эки күндөн бери?

- Кечээтен бери радио-телевидениеден берип атат. Негизинен караганда, Орусия менен кол коюлган келишим жакшы эле болду деп ойлойм. Эгерде биринчи 150 млн. жана 300 млн. доллар кредит, грантты эске албаганда дагы Камбар-Ата ГЭСинин курулушу жөнүндөгү көптөн бери айтылып келаткан келишимге кол коюлду. Бул жерде жакшы жактарын баарыбыз эле айтып жүрөбүз, биринчиден агып аткан сууну канчалык тезирээк иштетип туруп, андан электр энергия алсак жакшы болот. Экинчиден, эл жумуштуу болуп калат. Үчүнчүдөн, тезирээк электр энергияны өндүрүп чыгып өзүбүзгө жана башка жака сатсак болот. Орусия келип алып бул жерге кожоюн болуп калбасын кооптонгон ойлор да жок эмес.

- Ошондой сөздөр ачык эле айтылып атпайбы, макулдашуунун шарттарында Орусия сууну бекер алат деген сыяктуулар бар экен. Ал жагы кандай болушу мүмкүн?

- Ал жерде менимче сууну бекер алат деген эмес, чогуу иштете турган акционердик коом түзүү жөнүндө сөз болуп атат, 50 пайызы Кыргызстан жагы, 50 пайыз Орусия жагы. Орустар төрт жылдын ичинде 1 млрд. 700 млн. долларды ошол жака жеңилдетилген, 20 жылга созулган кредит берели деп атат. Бирок бул жерде мен дагы кичине кооптонуп атканым, келишимге кол коюлуп атканда ошол жерин эске алыш керек, эгер анын баарысын ошол акционердик коом төлөй турган болуп кала турган болсо, 2 млрд.га жакын кредит, анын үстөгүн кошкондо ошол акционердик коом 15-20 жылда дагы кайтара албай калат бүткөңдөн кийин дагы. Өзүңөр билесиңер, гидростанциянын толук курулуп бүтүшү 10 жылдын ары жагында болот, көпкө созулат. Анда жалгыз ал компания үчүн кыйын болуп калышы мүмкүн. Экинчи жагы ошол келишимге кол коюлуп атканда электр энергияны иштетүү жөнүндөгү келишимди дагы карап алыш керек. Биринчи кезекте Кыргызстан үчүн иштетип, анан калганы сыртка сатылат десе. Үчүнчүсү, суунун режими Кыргызстандын графиги боюнча иштетилет деген нерсени караш керек.

- Бул маселеде Орусиянын Борбор Азиядагы саясий таасирин күчөтүү үчүн албетте экономикалык мүмкүнчүлүгү дагы болуш керек. Ушул өңүттөн алганда экономикалык жактан энергетиканы чогуу биргелешип сатабыз, бирдей ээлик кылабыз деген саясат болушу мүмкүн деп кооптонуп атышпайбы кээ бир саясатчылар?

- Негизинен жакшы болду. Себеби жакында эле Медведев Ташкенге келип кеткенден кийин, Өзбекстан көптөн бери бизге жолтоо болуп жүргөнүнө карабастан ушундай келишимге кол коюлганына саясий жагынан да жакшы болду. анан чын эле экономика жагынан болсо бул көмүр, газ эмес, иштетилбесе жерде жата берет деген, бул суу болуп атат, күн сайын агып атат, аны эртерээк иштетип пайдасын ала турган болсок жакшы. Бирок жанагыдай биз көз карандылыкка түшүп калбайлы дегенди биздин энергетика министрлиги орус тарап менен келишимге кол коюп жатканда карашы керек. Себеби мамлекет аралык келишимде андай нерселер жазылбайт. Анын көпчүлүгү бизге жараша болот.

- Сиз көптөн бери ушул тармакта иштеп жүргөн адиссиз, энергетиксиз. Азыркы жетекчилер ошондой шартка, ошондой келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүгү жетишеби, кудурети барбы?

- Ал жагын мен сырттан туруп айта албайм, бирок иштеп аткандар бардыр, болбосо өкмөтүбүз, президентибиз бар. Кечээки кол коюлган келишимдерди мамлекетте иштеген кишилер жасады го. Менин окушума караганда жакшы эле жазылган келишимдер болуп атат. Эми карап, күтүп туралы.

- Адистер тартыш бизде деп өтө көп айтып жүрөсүз. Ушул Камбар-Ата ГЭСин ишке ашырууда адистерди даярдоо маселеси кандай болот, биздин мүмкүнчүлүк кандай азыр Кыргызстанда, же алар дагы Орусиядан келеби?

- Менимче, биздин станцияга Орусиядан эч ким келип иштебейт го. Келсе чоңураак адистер жетекчиликке келиши мүмкүн. Себеби 50Х50 дегенде, жетекчилер дагы жарым-жарымдан коюлуш керек. Ал эми орто, андан кийинки катмардагылар биздин жергиликтүүлөр эле болот го. Бирок алар дагы көрүп, Орусия менен чогуу акционердик коом түзүлдү дей турган болсо, башка жака кетип калган кадрларыбыз да келет го деп ойлойм. Бул көпкө созула турган курулуш. Ошондуктан 2-3 жылдын ичинде көп кесиптеги адамдарды даярдап алса болот.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG