Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:36

Жалал-Абатта четтен келгендерди ВИЧ илдетине текшерүү кыйын болууда


КМШ өлкөлөрүндө иштеп кайткан эмгек көчкүндөрүн изилдөө зор түйшүктөрдү жаратууда. Мындай маалымат облустагы СПИДке каршы күрөшүү борборунан алынды. Борбордун деректири Элмира Сатарованын билдиришинче, эмгек мигранттары менен алтын кен өнөр жайында иштеген чет өлкөлүктөрдүн так эсеби жок. Келип-кетип иштеген өзбекстандыктар да каттоодо турбайт. Январь айында облустун үч тургунунан текшерүүгө алынган кан жана башка нерселер изилдөө үчүн Бишкекке жиберилди. Облуста ВИЧ илдеттүүлөрдүн саны өсүү үстүндө. 2003-жылдан бери 220 адам катталган. Андан бери иммундук таңсыктык илдети жана башка оорулар менен күтүүсүз кырсыктардан каттоодогу 21 (былтыр 9) киши көз жумса, алардын ичинде эгиз балдар менен кошо төрт наристе бар. Эксперттердин болжолунда, оорулуулар расмий көрсөткүчтөн он эсе көп болушу ыктымал. Өткөн жылы 69 сыркоолуу табылып, энеден балага жуккандардын саны 6 пайызды түздү. Оорунун алдын алууга адистер жетишсиз, деп айтты Элмира Сатарова. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG