Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:08

Орусия милициянын санын кыскартууну токтотту


Кабарларга караганда, Орусия мындай кадамга экономикалык кырдаал начарлап жатканда өлкөдө орун алышы ыктымал социалдык тополоңдорду жөнгө салууга кызматкерлердин саны жетиштүү болушу үчүн барган. Мамлекеттик Думанын коопсуздук боюнча комитетинин төрага орун басары Геннадий Гудков бул кадамды "күтүлбөгөн жагдайларга" байланыштуу деп түшүндүрдү. Ички иштер министрлигинин өкүлү Вадим Савичев бийлик "өзгөчө чет элдиктер иштеген курулушта жумуш орундарынын кыскаруусунан, айлык акынын убагында берилбегенинен улам" кылмыштуулуктун күчөп кетүүсүнөн тынчызданып жатканын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG