Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

Барак Обама президенттикке талап кезинде ядролук куралдарды кыскартуу боюнча дүйнө лидерлери менен сүйлөшөрүн эчен ирет айткан. Ак Үй учурда Россия менен ядролук арсеналдарды кыскартуу жөнүндө сүйлөшүүнү пландаштырууда.

Британия менен Франция да өзөктүк куралдарды азайтуу тууралуу сөз кылышкан. Буга Москва ынайбы? Бул жөнүндө «Азаттыктын» кабарчысы Андрю Тулли Чикагодо чыкчу «Bulletin of Atomic Since» журналынын ээси, илимпоз-эксперт Кеннет Бенедикт айымды сөзгө тартты.

“Азаттык”:
Атомдук бомбалуу негизги өлкөлөр ядролук куралдарын кыскартуу жөнүндө олуттуу сүйлөшүүгө даяр деп ойлойсузбу?

Кеннет Бенедикт: Саясый жагдай мурдакыдан бир кыйла жакшы болуп турат. Барак Обама президенттик өнөктүк учурунда дүйнө ядролук куралдан биротоло кутулуу жөнүндө сүйлөшө аларына ишенем деген… Президент Саркози да Франциянын өзөктүк куралын азайткысы келгенин айтты. Британия да өзөктүк куралдарды кыскартууну транспаренттүү кылуу жөнүндө сөз козгогон. Кызыгы, өзүнө ишенбеген башка өлкөлөр ядролук державалар өз каалаганын жасашат деп кайпалакташы мүмкүн. Бирок да, куралдарды олуттуу кыскартуу мүмкүн деп ойлойм. Менимче, өзөктүк куралдарды азыркыдан да көп азайтса болмок.

“Азаттык”: Атомдук куралдарды азайтуу жөнүндө сүйлөшүүгө шарт мурда да болгонун билебиз. Азыр эмне сүйлөшүү ийгиликтүү болот деп ишенесизби?

Кеннет Бенедикт: Ооба, сүйлөшүүнүн ийгилигине ишенем. Себеби, Кансыз согуш өтө курчуп турган 1986-жылы АКШ жана Россияда 70 миң өзөктүк куралы бар эле. Азыр эки өлкөдө 26 миңдей гана өзөктүк куралы калды. Ошентип биз куралдын жарымынан көбүн кыскарта алдык.

“Азаттык”: Кандай дейсиз, Россия азыр Кошмо Штаттарды Иран сыяктуу ажаан өлкөлөрдөн коргочу ракета системасын Чыгыш Европада жайгаштыруу планынан баш тарттырууга аракет кылып жаткандай. Обаманын администрация мындай калкандын зарылдыгын изилдеп жатат. Обама өзөктук куралдарды кыскартууда Россия менен иштешүү үчүн Чыгыш Европада ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруудан баш тартабы?

Кеннет Бенедикт: Жагдай кай жакка өзгөрөт, билбейт экем. Тийиштүү эксперттер россиялыктар менен байланышта. Алардын өзөктүк куралдарын канчага кыскартаарын биз билебиз деп ойлобойм. Каруу жаракты контролдоо жана куралсыздандырууга Обаманын администрациясында ким дайындалат? Бул маанилүү. Стратегиялык куралдарды кыскартуу жөнүндөгү START I келишиминин мөөнөтү быйыл декабрда аяктайт. Буштун администрациясы тушунда эч кандай сүйлөшүү болбогондуктан, азыр START биринчи орунга чыгыш керек. Кошмо Штаттарды чанып келген Анти-баллистикалык ракеталар боюнча келишим, ошондой эле мурда пландалган «ракетадан коргонуу системасы» россиялыктарды кооптондуруп жүрдү. Грузия маселеси, НАТОнун кеңейүүсү - мунун баарына россиялыктар макул болбой, душмандык катары ойлоп жатышты.

“Азаттык”: Чыгыш Европадагы ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруудан баш тартуу АКШнын кызыкчылыгына жооп береби?

Кеннет Бенедикт: Эң алды айтарым, ракетадан коргонуу иштери эмнени камтыганы түшүнүксүз. Ошон үчүн, биз натыйжалуулугу ырасталбаган эле системанынын үстүнөн иштеп жатканбыз. Вашингтон: «Эй, карагылачы. Бул система али сынала элек. Ишинин натыйжасы белгисиз. Бул биз дос көргөн шериктерибизге чоң зыян алып келет окшойт» деп айтса, туура болмок деп ойлойм. Бул кымбат система болууда. Экономика кыйын абалда турганда, бардык каруу жарак системаларынын кайсынысы биз үчүн зарыл жана пайдалуу экенин изилдеп чыгуу да ашыкча чыгым болот. Менимче, иштебеген эле нерсе үчүн акча жумшагандай биз жыргап жаткан жокпуз азыр.

“Азаттык”: Барак Обама ракетадан коргонуу системасынан баш тартса же убактылуу токтотуп койсо, Россия менен тирешүүдө жеңилип калды дегендей пикир жарлабайбы?

Кеннет Бенедикт: Мен жеңилет деп ойлобойм. Бул көптөгөн проблемалары бар жана жакшы иштээри шектүү системага жоопкерчилик менен мамиле кылды деп баалайт элем. Экономикадагы катаал абалда тургандыктан, Россия бизге душман болбогондуктан жана береги система Россия менен болгон алакабызга кандай зыян келтиргенин билгенден улам, андай кадамды артка чегинүү деп айтпайт элем.

“Азаттык”: Атомдук державалар эмне үчүн өзөктүк куралдарын өтө жай кыскартууда. Сиз ядролук куралы бар өлкөнү коопсуз деп эсептейсизби? Же алар өзөктүк куралдын коркунучунан бейкабарбы?

Кеннет Бенедикт: Менимче, ядролук курал коопсуздукка толук кепил боло албайт. Себеби, андай курал карпайым калкты барымтада кармайт. Бизде азыр он мүнөттө президенттин буйругу менен даяр болчу алыска жетчү куралдарыбыз бар. Бир нече ирет компьютердин жаңылыштыгынан улам кокустук болуп кете жаздады. Россиялыктар бир нече жолу бизди ядролук чабуулду баштады деп ойлогон учурлар болду. Чиновниктердин арасында жоопкерчилктүү генералдардын болгонуна шүгүр. Менимче, баарыбыз эле өзөктүк куралдарыбыз болсо, коопсузбуз деп ойлобуз. Чындыгында, андай куралды жасай албасак, биз бир кыйла коопсуз болмокпуз.

“Азаттык”: Ырахмат.

XS
SM
MD
LG