Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Эл пикири: “Эки ортодо кыргыздар эле мыш болот”


Коалициялык күчтөрдүн “Манас” аэропортундагы аскер-аба базасын жабууну чечкен кыргыз өкмөтүнүн чечимин саясатка сабылып назарын салып турган байкоочулар менен эксперттер эле эмес, карапайым жарандар да активдүү талкуулап жатышат.

Пентагондун басма сөз катчысы Барайан Уитмен АКШ өкмөтү маселени ырасмий кыргыз өкүлдөрү менен талкуулап жатканын билдирди. “Албетте, Борбор Азияда стабилдүүлүктү камсыз кылуу боюнча эл аралык жамааттын күч-аракетин үзгүлтүккө учураткандын Россия, же ар кандай башка өлкө үчүн эч кандай жүйөөсү жок”, - деп айтты ал Пентагондогу маалымат жыйынында.

Вашингтон,сыягы, бул проблеманы Россия менен да талкуулаганга кыяз кылып жаткандай. Айрым байкоочулар Москва кайра эле маселени ырасмий Бишкектин иши деп айтса, кыргыз бийликтерине өз чечимин негиздүү жүйөөлөр менен коргоп калуу кыйын болушу мүмкүн дешет.

Кыргызcтандын премьер-министри Игор Чудинов өкмөт бул чечимди кабыл аларда бир нече жагдайга таянганын, биринчиден, келишим сегиз жыл мурда түзүлгөнүн, андан бери көп нерсе, анын ичинде Ооганстандагы кырдаал өзгөргөнүн; экинчиден, ички турмушта бир катар маселелер чыкканын, аларды коомчулук, өкмөт жана президент бир нече ирет америкалыктардын алдына койгонун, бирок алардан ушу күнгө чейин эч кандай реакция болбогонун далилге тартты.

Чудинов Бишкек АКШ менен түзүлгөн келишимден чыгарын, ошол эле учурда Ооганстанга байланыштуу иштерде баштагыдай эле коалиция менен кызматташа берерин ырастады.

Бул учурда, россиялык “Новости” маалымат агенттиги кабарлагандай, өкмөттүн чечимин Бишкекте бардык жерде - аялдамаларда автобус күткөндөр, бейтапканаларда кезекте тургандар, жада калса базарда соода-сатык кылгандар да кызуу кеп кылып жатышат.

Айбек аттуу соодагер: “Аларды эбак эле кууп чыгыш керек болчу, - деп билдирген.- Же бизде согуш болуп атпаса. Колдон келсе чет элдик бардык базаларды жабуу керек. Алардан бизге текейдей да пайда жок“.

“Жеке мага америкалыктардын бул жерде болбогону жакшы,- деп сөзгө аралашкан студент-экономист Эркин Аюпов. - Бирок мындан эми мамлекет жабыр тартышы мүмкүн: АКШ менен алака бузулат, бюджет миллиондогон доллардан кур калат, көптөгөн программалар жабылат, адамдар ишсиз калат”.

Бизнесмен Сергей Еловойго базанын бары же жогу - баары бир. “Бирок америкалыктар эми муну жөн калтырбайт болуу керек, алар бизге сөзсүз бир жамандык жасайт”,- деп кооптонот бизнесмен.

РИА “Новости” агенттигинин кабарчысы Союз кыйраганда Кыргызстан эш тутар эч кими жок жалгыз калганын, ошондой кыйын кезде АКШ жана Батыш Европа өлкөлөрү көп гранттарды берип, окуп-үйрөнгөнгө өздөрүнө чакырып, кыргыз интеллигенциясы менен студент жаштарга колдоо көрсөткөнүн эске салат.

Мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов “Манаста” – АКШнын, Кантта – Россиянын аскер базасы турганын Кыргызстандын мамлекеттик өз алдынчалыгын, өлкөнүн суверенитети менен экономикасын чыңдаганга жардамы тийген бардык тараптар менен кызматташууну каалаган ачык саясатты көрсөткөн символго салыштырган.

“Кеп Россия менен тарыхый жактан түзүлгөн союздаштык мамилелерибизди бекемдеп жатканыбызда эмес, буга эч кимдин каршылыгы жок, - деп билдирген ал агенттиктин кабарчысына. – Кеп бул мамилелерди чыңдап, ошол эле учурда Россиядай эле маанилүү экинчи бир өнөктөш өлкөдөн чогоол мүнөздө кол үзүп жатканыбызда”.

Агенттиктин кабарчысы ырастагандай, “Кыргызстанда жарандардын көбү америкалыктардын чыгып кетишин талап кылган күндө деле муну Москвага барып айтпастан, адамгерчилик жүйөө менен, жакшылап аргументтеп туруп жасоо керек эле” деп эсептешет. Макалада: “Россия баары бир АКШ жана Батыш менен тил табышып алат, бул баарына, биринчи кезекте Россиянын өзү үчүн абдан маанилүү, ошондо орто жолдо биз,кыргыздар, эле мыш болобуз”, -деп айтышкан жарандардын пикирлери келтирилет.

XS
SM
MD
LG