Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

Иракта өткөн ишемби күнкү шайлоонун алгачкы жыйынтыктары жарыяланды. Бир катар провинцияларда жана Багдадда премьер-министр Нури ал-Маликинин партиясы көп добуш алды.

Өкмөт башчысы Нури ал-Маликинин “Укукчул мамлекет” бирикмеси Багдадда добуштардын - 38, ал эми түштүктөгү Басрада – 37 процентин алды. Мындан тышкары бул альянс дагы сегиз провинцияда көпчүлүк мандаттарга ээ болду.

Шейиттердин радикал лидери имам Моктада ас-Садрдын тарапкерлери менен сүннүлөрдүн партиясы Багдадда ар бири тогуз проценттен добуш топтошту.

Басрада шейиттердин эң ири партиясын - Жогорку Ирак Ислам Кеңешин - шайлоочулардын 12 проценти колдоду. ЖИИК үчүн бул чоң утулуш болду. Буга чейин ал иш жүзүндө бүткүл түштүк Иракты контролдоп келген эле. Байкоочулардын айтымында, буга ЖИИКтин Иран менен тыгыз кызматташтыгы себепчи болгон өңдөнөт. Аталган партияга аз добуш берип, шайлоочулар коңшулаш Ирандын Ирактагы иштерге кийлигишкенине каршы экенин билдиришти.

Түндүктөгү Ниневех провинциясында депутаттык мандаттардын теңине жакынын сүннүлөрдүн блогу утуп алды. Бул провинция Ирактагы абдан коогалаңдуу аймакка кирет, бул жерде “Ал-Каиданын” лашкерлери азырга чейин активдүүлүк кылат.

Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары Анвар провинциясында талаш туудурду. Бул жерде сүннү шейхтеринин партиясы аз добуш алып, буга катуу кадиктенип жатышат. Аталган партиянын лидерлери добуштар туура эмес саналды, атүгүл атайылап бурмаланды деп билдирди.

Ишемби күнкү шайлоого байкоочулук кылган Арап мамлекеттер лигасынын өкүлү добуш берүү процесси жакшы уюштурулуп, ал ачык жана чынчыл мүнөздө өткөнүн ырастады.
XS
SM
MD
LG