Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Парламент Манас аба базасына байланыштуу маселени бүгүн карабайт


3-февралда президент Курманбек Бакиев Москвада орус бийлиги менен жолугушуудан соң Манастагы АКШнын аскерий аба базасын чыгаруу боюнча кыргыз өкмөтү чечим кабыл алганын расмий билдиргенден кийин бул документ Жогорку Кеңеште ратификациялана турганы айтылган. Парламенттин көпчүлүк бөлүгүн түзгөн “Ак жол” фракциясы Манастан аба базаны чыгаруу туура чечим деп президентти колдошууда. Айрым бир маалыматтарга караганда, учурда бул маселелер боюнча Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгына баланыштуу Жогорку Кеңеш Манастан авиабазаны чыгаруу боюнча өкмөттүн токтомун кароону кийинкиге жылдырган. 4-февралда өкмөт “Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинин 2001-жылдын 4-декабрындагы №542 нотасына Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жооп кайтарган нотасын денонсациялоо жөнүндө” мыйзамынын долбоорун парламентке сунуштап, “Ак жол”, Кыргызстан коммунистери фракциясынын айрым депутаттары бул документтерди парламентте бүгүн (6-февралда) карап, тез арада ратификациялоону сунуштаган. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG