Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Түркия-Израил: мамилелер эми кандай нукта өнүгөт?


Давосто өткөн форумда түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен Израилдин президенти Шимон Перездин кайым айтышуусунан кийин эки өлкө ортосундагы мамилелер начарлай түшкөнү байкалат. Бирок серепчилердин баамында, кандай болгон күндө да бул эки өлкө стратегиялык өнөктөш болгондуктан мамилелер кайра калыбына келери күтүлүүдө.

Көптөгөн араб өлкөлөрү адаттагыдай унчукпай сырттан байкоо салып жаткан кезде, Израилдин Газа тилкесиндеги аскердик операцияларын башынан бери кескин түрдө сынга алып келген Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын өткөн аптада Давостогу экономикалык форумда Израилдин президенти Шимон Перез менен кайым айтышып, Израилди Газада адамзатка каршы кылмыш жасоодо деген айыптоосунун жаңырыктары токтой элек.

Дипломатиялык саясатпы, же жергиликтүү шайлоолор алдында мурдатан ойлонулуп, уюштурулган жүрүшпү, айтор Түркиядагы шайлоочулардын көзүндө жана араб өлкөлөрүндө Эрдогандын аброю бир топ жогорулаганы шексиз.

Ошол эле учурда өкмөт башчынын Хамас тобун колдоп, айыпты толугу менен Израилге жүктөгөнү расмий Тел-Авивди жана эл аралык жөөт уюмдары тарабынан “дос өлкөлөргө жарашпаган” аракет катары бааланды.

Эми эки өлкө ортосундагы таарыныч тез арада эле жазылбайт өңдүү. Маселен, АКШдагы “Америкалык жөөттөрдүн комитетинин” төрагасы Давид Харрис түрк сыналгысына берген маегинде буларды айтты:

- Түркиянын өкмөт башчысы эмнелерди ойлоп жатканы тууралуу бир нерсе айтуу эртелик кылат. Бирок анын айткан сөздөрүнүн натыйжасы жөнүндө кыскача муну айта алам: Израилдин досу болгон Түркиянын, террордун запкысын жеп келген Түркиянын Израилди түшүнүүсүн каалар элек. Бир гана Хамастын айткандарына кулак төшөгөнүн биз түшүнө албадык. Бул Түркия өңдүү демократиялуу байманаларга садык бир өлкөгө жарашпайт.

Ал эми Түркиянын мурдагы президенти Сулейман Демирел мындай пикирде:

- Бул окуя болбосо жакшы болор эле. Бирок Давосто Газа тууралуу бир талкуу уюштуруп, ага Түркия менен Израилди чакыруунун өзү туура эмес. Анткени тараптардын туруму алдын ала белгилүү болчу. Мага форум ушундай чырдашуу болсун деген максатта уюштурулгандай сезилет.

Эл аралык кризис тобунун (ICG) Түркиядагы өкүлү Хүж Поптун (Huge Pope) пикиринде, Давосто болгон окуя Түркиянын Батышка далысын салды деп түшүндүрбөйт. Ал эми АКШдагы “Anti Defamation League” аттуу жөөт уюмунун төрагасы Абрахам Фоксмандын пикиринде, Эрдогандын айткан сыны күтүлбөгөн окуя болгон менен, бул уюмдун Түркияга карата мамилеси өзгөргөн жок.

XS
SM
MD
LG