Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

6-февраль: Тарых барактары


АКШнын 40-президенти Рональд Рейган 1911-жылдын ушул күнү туулган.

АКШнын 40-президенти Рональд Рейган 1911-жылдын ушул күнү туулган.

Кыргыз АССР Кеңешинин III съезди 6-феварль 1931-жылы ишин баштады. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кезексиз чакырылган XVIII сессиясы 2004-жылдын 6-февралында ишин баштаган. Америка Кошмо Штаттарынын 40-президенти Рональд Уилсон Рейган 1911-жылдын ушул күнү жарык дүйнөгө келген.

Пишпек шаарынын тургундары 1916-жылдын бул күндөрү «Телеграфный вестник» гезитинин биринчи санын колуна алышкан. Маалымдоо каражаты жеке типографияда басылып, анда жергиликтүү бийликтин буйрук, көрсөтмөлөрүнөн тышкары, рекламалык материалдар арбын жарыяланып турган.

Кыргыз АССР Кеңешинин III съезди 1931-жылдын 6-февраль күнү ишин баштаган.
Улуу Атамекендик согуш аяктап, экономика кайра калыбына келе баштаган маалда, мүлк уурдагандарга каршы аёсуз күрөш жарыяланган. Фрунзе шаарында 1949-жылдын 6-февралында өткөн сот иши коомчулукту, айрыкча мыйзам менен алакасы келишпеген элементтердин үрөйүн учуруп, үшүн алган. Чүй райпромкомбинаттын директору Алиев сапатсыз бут кийим чыгаргандыгы жана булгаары уурдагандыгы үчүн 20 жылга, «Пищевик» артелиндеги цехтин жетекчиси Албогачиев сапатсыз вино жасагандыгы үчүн 7-жылга эркинен ажыратылган.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Вена шаарында 2003-жылдын бул күнү башталган кезектеги кеңешмесинде, Кыргызстандын бул уюмдагы туруктуу өкүлү Аликбек Жекшенкулов 2003-жылдын 2-февралында жасалган Кыргызстандагы Конституциялык референдум туурасында маалымат берген. Элчи референдум эл аралык стандарттарга жана кыргыз өкмөтүнүн ЕККУга берген убадаларына ылайык өткөрүлгөндүгүн белгилеген.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кезексиз чакырылган XVIII сессиясы 2004-жылдын 6-февралында ишин баштаган Сессиянын биринчи күнү мамлкеттик кадр маселеси каралып, президенттин көрсөтмөсүнө ылайык, Жогорку Соттун төрайымы Нэля Бейшеналиева кызматынан кетип, анын ордуна мурдагы юстиция министри Курманбек Осмонов дайындалган.

Премьер-министр Феликс Кулов 2006-жылдын 6-февраль күнү президент Курманбек Бакиевге кат жолдогон. Өкмөт башчынын катында буга чейин анын 26- январда жасаган билдирүүсү мамлекет башчынын абройуна шек келтирүү, же өзүм билемдик эмес экендиги белгиленген. “Жогорку Кеңештеги сүйлөгөн сөзүңүздү даярдаган адамдар менин билдирүүм тууралуу туура эмес багыт беришкен” деп жазылат ал катта. Премьер-министрдин пикирине караганда, бийликтин криминалдашышы тууралуу чет өлкөлүк дипломаттар, коомдук уюмдар, саясий партиялар жана карапайым адамдар да айтып башташкан. Өкмөт башчы айрым мамлекеттик кызматкерлердин жашыруун мамилесинен пайдаланган криминалдык чөйрөлөр бийликке кирип келгенге аракет жасап жатканда ал өлкөдө болуп жаткан окуяларга унчукпай карап тура албастыгын билдирген.

Бармен күнү жана ыйык Аманда күнү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө 6-февралда белгиленет. Шарап жасоочулар менен бармендердин колдоочусу катары таалыган епископ Маастрихтскийдин (584-679) урматына бул күн шарап ичилип, бармендер майрамдык салтанат өткөрүшөт.

РСФСР Элдик Комиссарлар кеңеши 1918-жылдын 6-февралында батыш европалык григориан календарын киргизүү туурасында Декрет кабыл алган.

Италиялык жазуучу, гуманист Джованни Боккаччо 1313-жылдын 6-февралында жарык дүйнөгө келген. Джованни Боккаччо европалык Ренессанстын адегендеги карлыгачтарынан болгон. Анын айтылуу «Филиколо» жана «Филистрато» чыгармалары Европадагы Кайра жаралуу дооруна зор салым кошкон.

Америка Кошмо Штаттарынын 40-президенти Рональд Уилсон Рейган 1911-жылдын 6-февралында жарык дүйнөгө келген.

XS
SM
MD
LG