Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:33

Бүгүнкү гезиттердин баары Американын аскер базасынын айланасындагы окуяларды талкууга алууну улантышууда...

“Кыргыз руху” гезити баш макаласын: “Бишкек дүйнөнүн ынтымак чекити болмок” деп атап, аны “Маскөөнүн үч талабы же кудалардын куну”, “Медведов-Бакиев. Алыш-бериш кандай жүрдү”, “Бакиевдин калыңы”, “Медведовдун себи”, “Гансини” кетире алабы?” теген майда аталыштарга бөлүп-бөлүп баяндады.

“Агым” гезити, “АКШнын Ганси авибазасы Кыргызстандан чыгарылат. Арты кандай болор экен?” деген суроолуу аталыш менен жарык көрдү?

“Ачык саясат” гезити 1-беттеги макаласынын атын: “Гансинин тагдыры чечилдиби?” деп атады.
“Айгай” гезити бул темага “Гудбай, Америка” деген ат менен “Орто Азиядагы геосаясый кызыкчылык кандайча чечилет?” деген макала арнады.

“Жаңы ордо” гезити Нурлан Мотуевдин “Гансини чыгаруу менен президенттин аброю жогорулады”, Жантөрө Сатыбалдиевдин “Бизде оппозиция жок, баары кыргызча”, Ибрагим Жунусовдун “Мен саясатта жаңы эмесмин” деп айткандарын 1-бетке сүрөттөрү менен басты.

“Кыргыз туусу” гезити аталган окуяны “Кыргызстан менен Россия ортосунда олуттуу документтерге кол коюлду”, “АКШнын аскердик базасынын жайгашуу мөөнөтү аяктады” деп жазды.

“Айгай” гезити буга мындайча мүнөздөмө берди: “Сырттан караганда Кыргызстандын Россияга болгон көз карандылыгы күчөдү. Мурун Дүйнөлүк Банкка карыз болсо, эми Россияга да карыз болуп калды. ошондой эле Маскөө менен Бишкектин Камбар-Ата ГЭСин куруу боюнча түзгөн келишимине ырасмий Ташкен кандай жооп берери азырынча белгисиз. Биз, Кыргызстан геосаясатта, орусча айтканда “или” же “или” позициясын карманышыбыз керек эле. Эларалык доктринабыз да ушундай болучу. Кыскасы, тышкы саясат “оюнун” ойной албадык. Ажобуз анчалык эле “чечкиндүү” болсо, “Ганси” маселесин Маскөөгө барып, Медведовдун жанына отуруп жар салбай эле, Кыргызстандын өзүндө “кыр” көрсөтсө болмок. Чоң дипломатиядагы мындай одоно “соодалашуубуз” өзүбүзгө андан да чоң маселелерди үйүп салмай болду”.

“Кыргыз руху” гезити болсо: “Дүйнөнүн башка бир дагы өлкөсүндө 2 державанын аскер базалары мынчалык жакын жайгашкан эмес. Ошол жакындыкты пайдаланып, эки державаны тең дос кылганга, аттиң, биздин өлкө башчыбыздын дарамети жетпегенин карачы! “Ак жол” партиясы “айт” дегенди “уйт” деп президенттин айткандарын аткарат. Бирок ошого карабай “Гансини” кетиргенге К. Бакиевджин мүмкүнчүлүгү аз. Себеби, кетирүү үчүн 6 ай убакыт кетет. Ал мезгил ичинде НАТО менен Вашингтондон далай дипломатиялык сунуштар түшөт. Ошонун баарына ажобуз туруштук бере алабы? Ташкенге туруштук берип, газын арзан алалбаган, Астанага туруштук бералбай Каркыраны тарттырып жиберген, Маскөөгө туруштук бере албай бир күн келген америкалык коноктон жашырынып, утурумудук алдоо жолу менен кутулган Курманбек Салиевичибиз кокон зордук боюнча Маскөөнү чаңында калтырган Вашингтонго 6 ай түтө алабы? Ошого көрөгөчтүгү жете алабы?” деген суроолорду койду.

“Ачык саясат” гезити бороон болор алдында” аттуу рубрика алдында БЭКтин көрүнүктүү мүчөлөрүнөн жооп алды.

Азимбек Бекназаров: - Бүткүл өлкө көтөрүлүүчү нааразылык акцияларыбызды көзөмөлдөөнүн үстүндө иштеп жатабыз.

Исмаил Исаков: - Быйылкы жаз кыргыз элинин тагдырын чече турган жаз болот. Буга эң негизги себептердин бири - Бакиевдин үй-бүлөлүк, кландык, криминалдык бийлиги элди кыйнап, салыктарды көбөйтүп, өнөр-жай, тамак-аш товарларынын баасын асмандатып, ошону менен бирге эле айлык акы, пенсия, пособиелерди ошондой деңгээлге көтөрө алган жок. Элдин нааразылыгы кайнап турат.

Топчубек Тургуналиев: - 2005-жылдагы окуяларда “ак кепкачандар” 2-3 миң болду эле, эми 5-10 миң болот. Миңдеген баш кесерлерди бизге каршы даярдап жатат. Мындан башка КГБнын 5 миңге жакын куралдуу күчтөрү бар. ИИМдин өзүндө 25 миңдей күчтөр бар. Баш-аягы болуп 45 миңге чукул куралдуу күч бүгүнкү бийликтин колунда. Ошолордун көбүн бизге салат. Эгер элге каршы курал көтөрүүгө буйрук берилип калса, андайга барбай турган бийликте да, куралдуу күчтөрдө да адамдар бар. Биз ошолорго таянабыз.

“Агым” гезити Алым Токтомушевдин Аскар Акаев тууралуу өткөн сандагы макаласынын корутунду бөлүгүн жарыя кылды. Макаланы аяктап баратып автор: “Энергетика тармактарын талкалап кеткен кайсыл калмак дегенге (Сөз экс-президент А.А.А. жөнүндө баратат) дейре барыптыр. Ал: “Аскар Акаев деген калмак” деп айтар киши жок. Акаев мезгилиндеги 2 млрд. доллар кредиттин 9-10 пайызы “Кыргызэнергого” бөлүнгөн. Андан башка да миллиондогон доллар гранттар келген. Кирешеси канча эле? Тескерисинче, миллиарддаган киреше киргизип аткан тармакты 4кө бөлүп, төртөөнүн ар бирине 40тан ашуун электр кубатын алыпсатар акционер коомдорун ачып, талатып-тонотуп, акыры жиликтеп сатууга даярдаган Акаев экенин эл унута элек” деп кеп кылды.

“Жаңы ордо” гезити Нургазы Анаркуловдун “Курманбек Бакиев чыныгы журт лидери” аттуу макаласын “президенттин бейнесине сүртүмдөр” деген рубрика алдында окурмандарга сунуштады. Анда: “Курманбек Бакиев кызматына киришкен жылдар жемиштүү болду. Республикалык бюджет дээрлик 2,5 эсеге өстү. Бул коррупцияга каршы күрөштүн таасири, мурда сол чөнтөккө урулуп келген каражаттар түз бюджетке түшүүдө. Ачылып жаткан көптөгөн завод-фабрикаларды, ишканаларды айтып олтуруунун кажети жок,”- деп сөзүн уланткан Анаркулов президенттин бейнесинин аягын:” Жогоруда айтылгандардын баарын жыйынтыктап келгенде Курманбек Бакиев Кыргызстандын бактысы үчүн жаралган инсан экендигине көзүбүз жетет. Ошондуктан лидерибизге таш ыргытып, келжирек кепти көп айткан оппозицияны укпай, Бакиевге реформаларын ишке ашырууга жөлөк болушубуз керек деп эсептейм”, - деп чекит коет.

“Кыргыз туусу” гезити “оңдолбогон кат” рубрикасынын алдында Лейлектин Арка айыл тургуну Жолдошбай Шайдуллаевдин чегара көйгөйүнө кейиген катын жарыялады. Айыл тургунун айтуусунда бүгүн бир эле Баткен облусунун аймагында кошуна калкка тиешелүү 3 килейген анклавдын болушу кооптуу абалды жаратып жатат. Мындай анклавдар Өзбекстанга караштуу Шахимардан менен Сох жана Тажикстанга тиешелүү Варух анклавдары. Учурда жогорудагы анклавдардын айынан Баткен облусунун айрым жерлери да анклавга айланууда. Кат ээси ушуга байланыштуу Улуттук Илимдер Академиясына, жалпы кыргыз тарыхчы окумуштууларына кайрылып, Баткендин, Жалал-Абадддын, Оштун ушул сыяктуу “талаш” жерлерине тактык киргизген тарыхый даректүү макалаларды жазып чыгууга чакырган.
XS
SM
MD
LG