Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Кыргызстанда «Санта Клаус жана анын достору» аттуу эл аралык экинчи фестиваль башталды. Дүйнөнүн 16 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышып жаткан бул иш чаранын ачылыш аземи бүгүн кечинде Улуттук филармонияда болмокчу.

Былтыркы биринчи фестивалга 7 өлкөнүн өкүлдөрү келген болсо, быйылкы экинчи эл аралык «Санта-Клаус жана анын достору» аттуу иш-чарага 16 мамлекеттен Санта Клаус жана анын достору келишти.

Кыргыз балдарынын жаңы жылдык сүйүктүү каарманы Аяз-Ата фестивалдын меймандарын Кыргыз улуттук китепканасынын алдынан тосуп алып, Кыргыз эл жазуучусу, маркум Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата уюшулган китеп, сүрөт көргөзмөсү менен тааныштырды.

Кыргыздын Аяз-Атасы катары таанылган Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байдөбөтовдун айтымында, кыргыз элинин рухун, адабиятын, маданиятын, каада-салтын дүйнөгө тааныткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо Санта Клаус баштаган меймандарды өзү тосуп алып, бул демилгени колдоого алмак.

Казакстандан келген Аяз-Ата Сакен мырзанын пикиринде, фестивалдын келечеги кең, эл достугуна көпүрө болуп, Кыргызстандын дүйнөгө таанылышына салым кошот.

Бул пикирди Европа Санта Клаустар ассоциациясынын президенти, даниялык Роберт Росланд дагы коштоп, бул иш чара менен Кыргызстан дагы дүйнөгө таанылууга мүмкүнчүлүк алаарын айтты:

- Санта Клаустардын Кыргызстанга келиши менен өлкөңөр дагы таанылат. Мисалы Жапониядан келген Санта Клаус өзү менен кошо жоон топ журналисттерди, теле компанияларды ээрчите келди. Европадан дагы бир катар маалымат каражаттардын өкүлдөрү фестивалды чагылдыруу үчүн келишти.

Өкмөт үйүндөгү вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаева менен жолугушууга бардык Санта Клаус, Аяз-Аталар атайын кийимдери менен келишти.

Вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаева жолугушууда мындай иш-чаралар аркылуу өлкө дүйнөгө таанылмак болгонун, фестиваль башталарда кыргыз жергесине кар жаашы да жакшы жөрөлгө, жагымдуу окуя экенин белгиледи.

Фестивалдын катышуучуларынын атынан Европадагы Санта Клаустар ассоциациясынын президенти Роберт Росланд, Орусиянын Дед Морозу, Казакстандын Аяз Атасы жана башка меймандар сүйлөп, мындай иш-чара эл достугуна данакер болоорун, жылдан жылга катышуучулардын саны арбып, Кыргызстанды дүйнө эли Санта Клаустун мекени катары таанып, биле тургандыгын белгилешти.

Өлкөнүн мамлекеттик туризм агентигинин жетекчиси Турусбек Мамашевдин пикиринде, Санта Клаустун аты аркылуу аны менен Аяз-Атаны достоштуруп, биринчи кезекте Кыргызстанды туризм өлкөсү катары дүйнөгө таанытуу негизги максат.

Европа Санта Клаустар ассоциациясынын президенти Роберт Росланд 1 жыл мурда Кыргызстанды картадан да таба албай, атын дагы туура эмес айтканын моюнга алып, мындан ары бул өлкөнү бардык Аяз Аталар билишээрин кошумчалады.

Фестивалдын алкагында Чолпон-Ата, Каракол шаарларында бир катар иш чаралар өтүп, “Жер шарынын калкына Аязаталардын кайрылуусун” жарыя кылышат.

Ал эми фестивалдын катышуучулары бүгүн Ала-Арча мамлекеттик коругунда Санта Клаустун келечектеги кышкы үйүнүн ордун көрүп, Аяз-Атанын резиденциясын куруу пландарын талкууга алышат.
Экинчи эл аралык «Санта-Клаус жана анын достору» аттуу фестивалдын салтанатуу ачылыш аземи бүгүн кечинде Кыргыз улуттук филармониясында болмокчу. Ага өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлердин катышуусу күтүлүүдө.

Ошол эле учурда Кыргызстанды туризм өлкөсү катары таануутунун табылгасы катары Санта-Клауска жармашпай керемет Ысык-Көлдү, ак-кар көк муз бийик тоолорун, кыргыз тайганын, же болбосо көкбөрүнү, же кыргыздын башка бир улуттук буюмдарын, улуттук салт-санаасын табылга катары сунуш кылууга неге болбосун деген сын пикирлер да жок эмес.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG